Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Талантбеков: ууландыруучу же мас кылуучу нерсени "кыйгак" десе болот

© Sputnik / Даниил СулаймановSputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасы
Sputnik Кыргызстан радиосунун Көөнө сөз рубрикасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков жаңы кирген сөздөрдү колдонууда дароо эле түз которууга ашыкпай, ата-бабаларыбыз сүйлөп жүргөн аталыштарга маани берүү керектигин айтты.
Талантбеков: ууландыруучу же мас кылуучу нерсени "кыйгак" десе болот
"Кыйгак" найзанын учундагы курч металлды түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
Анын айтымында, бул сөздү бир нече мааниде колдонууга болот.
© Sputnik / Асель Сыдыкова"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
Манасчи, член общественного объединения Көйкашка Нурбек Талантбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
"Жыгач найзанын учуна ашталып бекитилген курч металлды "кыйгак" деп койгон. Ошондой эле колду тилип кете турган жалбыракты дагы ушул сөз менен сүрөттөөгө болот. Мындан тышкары, "кыйгак" сөзүнүн өтмө маанисинде уу, ууландыруучу же мас кылуучу нерсе катары түшүнүүгө болот. Бул үч маанисин тең колдонууга мүмкүндүк бар. Адатта ууну өз аты менен эле атап жүрөбүз. Бирок анын синоними катары "кыйгак" деп колдонуу дагы артыкчылык кылбайт", — Талантбеков.
Манасчы көөнө сөздөр күнүмдүк турмушта көбүрөөк колдонулса, тилди байытууга, шөкөттөөгө көмөгү тие турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0