Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Талантбеков: "Манас" эпосунда алимент деген сөздүн түшүндүрмөсү бар

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков эпосто күнүмдүк турмушта колдонулбай калган сөздөр бар экенин белгиледи.
Талантбеков: "Манас" эпосунда алимент деген сөздүн түшүндүрмөсү бар
"Манас" эпосунда алимент деген сөздүн которулушу бар. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
Анын айтымында, бул сөз бир нече түшүнүк менен берилген.
"Күнүмдүк турмушта колдонулган алимент деген сөздүн эпосто "напагама", "напага" деп берилет. Ошондой эле дагы бир мааниси "бүлө каражат" деген сөз ажырашкан аялга балдар үчүн төлөнө турган нерсе. Мындан тышкары, кудаланган кыз башкага турмушка чыкса, кыздын атасы төлөй турган айып "напагама" же "напага" деп айтылат. Учурда кыргыз тилин жайылтуу боюнча мамлекеттик деңгээлде комиссия түзүлүп, иш жүрүүдө. Тилди байытуу үчүн ушул түшүнүк таандык болгон бардык тармакта колдонулушу зарыл", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал ар бир уккан көөнө сөздү башкаларга жайылтуу дагы тилдин өнүгүшүнө салым экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0