Шайлоонун партиялар боюнча алдын ала жыйынтыгы. Кол менен саноо

Жазылуу
28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. Добуштарды кол менен саноодогу алдын ала жыйынтыкты Sputnik даярдаган инфографикадан көрүңүз.

Партиялар боюнча ЖКга шайлоонун алдын ала жыйынтыгын (кол менен саноо) БШК жарыялады. Бирок бул шайлоонун расмий жыйынтыгы деп эсептелбейт. Добуштарды кол менен саноонун жыйынтыгы жаңы маалыматтардын түшкөнүнө жараша жаңыртылып турат. Шайлоочулардын добуштары эсептелгенден кийинки пайыздарды карасаңыздар болот.

Буга чейин БШК партиялык тизме боюнча алдын ала жыйынтыкты АСУнун эсебине таянуу менен жарыялаган.

Жаңы чакырылышта 120 эмес, андан азыраак, 90 депутатка кресло даярдалат. Мурда парламентке 21 жаштагылар шайланып келе алса, эми ал босого 25 жашка көтөрүлдү. Мындан ары эл өкүлү болом дегендердин жогорку билими болушу зарыл.

Шайлоо жыйынтыктарын санап жаткан кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Шайлоо 2021: добуш берүүнүн жыйынтыгы качан чыгат
Бул ирет шайлоого 21 партия катышты. Алар: "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан", "Альянс", "Легалайз", "Ыйман нуру", "Күчтүү регион", Кыргызстандын либерал-демократтар партиясы, "Багыт", "Ынтымак", "Ишеним", "Азаттык", "Мекенчил эл", "Жашылдар партиясы", "Жашасын Кыргызстан", "Социал-демократтар", "Аруузат", Кыргызстандын биримдиги патриоттук партиясы, "Улуттар биримдиги", "Эл үмүтү", "Ордо", "Улуу журт", "Ата-Журт Кыргызстан".

Жыйынтыгында парламентке республика боюнча шайлоого катышкандардын добушунун 5 пайызынан, ар бир облустагы (Бишкек жана Ош шаары дагы кирет) шайлоочулардын добушунун 0,5 пайызынан жогору алгандар өтөт.

Бул ирет шайлоодо жарандар бир партияга гана эмес, андагы бир талапкерге дагы добуш бере алды. Партия алган мандаттар талапкерлердин топтогон добушуна жараша жана гендердик теңчиликти сактоо менен бөлүштүрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0