Кымбаттап жатат! Кыргызстанда эң өтүмдүү автоунаалардын баасы кандай өзгөрдү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан ар жума сайын автоунаа базарындагы машиналардын канчага сатылып жатканы боюнча маалымат берип келет. Бул ирет эл көп колдонгон кроссоверлер менен жолтандабастардын кыштан күзгө чейинки баасына көз жүгүрттүк.
Редакция autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарын карады. Окурмандардын ыңгайы үчүн ар кандай үлгүдөгү машинанын орточо баасы келтирилди.
Эң көп сатылган автоунааларга төмөнкүлөр кирди:
Lexus GX 470;
Honda CR-V;
Toyota RAV4;
Lexus RX 350;
Volkswagen Touareg;
Subaru Forester;
Toyota Landcruiser;
Kia Sportage;
Hyundai Santa Fe.
Тизмедеги автоунаалардын көпчүлүгү орто эсеп боюнча 800-1 500 долларга кымбаттаган. Бир гана 2014-жылкы Kia Sportage 500 долларга арзандаган.
Эскертип коёлу, биз сатуучулар тарабынан айтылган орточо бааларды гана көрсөтөбүз. Бул нарк автоунаалардын чыныгы баасы дегенди билдирбейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0