Кыргызстандын ар тарабында көмүр канчадан сатылууда? Инфографика

Жазылуу
Улуттук статистика комитетинин адистери Кыргызстандын ар кайсы шаарларында көмүр канчадан сатылып жатканын билип көрүштү. Бул үчүн алар 18 калктуу конуш боюнча бааларды сурамжылап чыккан.

Кеп жергиликтүү жана сырттан алып келинген көмүр тууралуу болмокчу. Октябрдын ортосундагы орточо баа тоннасына 5 228 сом экени белгилүү болду. Бул өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмалуу көмүр 18 пайызга же 794 сомго кымбаттады дегенди түшүндүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Кече көмүр кенинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Акылбек Жапаров Кара-Кечедеги абалды көрүп, тартип керектигин эскертти
Эң төмөн баа Чаек айылында (тоннасы 3 000 сом) жана Нарын шаарында (4 200 сом) катталды. Эң жогорку баада ноокаттыктар сатып алууда, бул шаарда бир тонна көмүрдүн орточо баасы 9 263 сом. Исфана жана Баткен шаарларында 8 миң сомдун тегереги.

Эске салсак, буга чейин Кыргызcтандын аймагында көмүрдүн баасын мамлекет убактылуу жөнгө салып турмай болгон. Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021-2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0