Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канча сомго көбөйөт. Инфографика

Жазылуу
Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиялар индексацияланат. Бул боюнча президент Садыр Жапаров тийиштүү жарлыкка кол койгон. Пенсиялык төлөмдөр канчага жогорулай турганын Sputnik агенттигинин инфографикасынан окуңуздар.

Пенсияны индексациялоо — балансты сакташ үчүн жогорулап жаткан баалардын жана айлыктын фонунда пенсияны көбөйтүү. Пенсия жыл сайын индексацияланып турат.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, индексациядан кийин Кыргызстандагы жалпы пенсиянын орточо суммасы 6 248 сомду түзүп, 8 пайызга же 455 сомго көбөйтүлгөн болот.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Садыр Жапаров жөлөк пулдардын көлөмүн көбөйттү. Ким канча алат?
Жалпы пенсия базалык жана камсыздандыруучу бөлүктөрдөн турат. Базалык бөлүгүнүн жогорулашы өткөн жылкы орточо айлыктын өскөнүнөн көз каранды. 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылы орточо айлык акы 10 пайызга жогорулаган. Буга байланыштуу пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо сунушталды. Бирок бул нерсе пенсиянын жалпы көлөмү пенсионердин өткөн жылдагы жашоо минимумунан, тагыраагы, 4 785 сомдон төмөн болсо гана ишке ашат.

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү өткөн жылкы орточо айлык менен керектөөчү баанын индексинин канчага өскөнүнөн көз каранды. Бул параметрлердин негизинде орточо коэффициент эсептелип чыгат. Быйылкысы 1,08ди түзөт.

Муну менен:

  • 4 785 сомдон төмөнкү пенсиялар кеминде 200 сомго көбөйөт;
  • 4 785 сомдон жогорку пенсияга кошулган каражат 500 сомдон кем болбойт.

Соцфонддун эсеби боюнча, 1-октябрда пенсионерлердин саны 715 500гө жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0