Батир издеп жүрөсүзбү? Бишкектеги үйлөрдүн августтагы баасы

Жазылуу
2021-жылдын август айында Бишкекте жеке типтеги үч бөлмөлүү батирлер арзандады. Ал эми үч бөлмөлүү "элиталык" батирлердин баасы өстү.

Sputnik Кыргызстан ай сайын ачык маалымат булактар аркылуу Бишкектеги батирлердин баасына көз жүгүртүп турат.

Биз баалардын диапазонун жана түрдүү типтеги (104, 105 жана 106-серия, "хрущевка", индивидуалдык тип) бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасын көрсөтүп беребиз. Мындан сырткары, ээси өзү жасай турган "элитка" тибиндеги батирлердин баасын дагы биле аласыздар.

Бул материалды даярдоо үчүн 2 113 жарыяга көз жүгүртүп, анализдеп чыктык.

2021-жылдын августунда турак жайга болгон баа өткөн айга караганда бир аз өзгөрдү.

Бишкектеги батирлердин август айына  карата ижара акысы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
"Элиткалар" кымбаттады. Бишкектеги батирлердин августтагы ижара акысы

Ээси ичин өзү жасап ала турган "элитка" тибиндеги батирлердин баасы орточо эсеп менен алганда 1700 долларга түштү. Ал эми үч бөлмөлүү "элиталык" батирлердин баасы өстү.

Индивидуалдык типтеги үч бөлмөлүү батирлер арзандады. 105-сериядагы үч бөлмөлүү батир мурдагыга салыштырмалуу 200 долларга арзан сатылууда. Ал эми үч бөлмөлүү, ичин ээси өзү жасап алчу батирлердин наркы орточо эсеп менен 1900 долларга өстү.

Ачык маалымат булактарына таянсак, бир бөлмөлүү батирлердин орточо баасы август айында төмөнкүчө болду:

  • 104-серия — 30 500 доллар (26 000ден 38 000ге чейин);
  • 105-серия — 28 600 (19 000 — 37 500);
  • 106-серия — 32 600 (24 500 — 43 500);
  • "хрущевкалар" — 26 200 (21 500 — 31 500);
  • индивидуалдык тип — 29 200 (15 000 — 44 000);
  • ээси ичин өзү жасап алса — 28 800 (15 000 — 51 000).

Эки бөлмө батирдин орточо баасы:

  • 104-серия — 36 300 доллар (19 000 — 66 500);
  • 105-серия — 40 800 (28 700 — 51 500);
  • 106-серия — 43 900 (30 000 — 56 500);
  • "хрущевкалар" — 32 300 (20 500 — 44 500);
  • индивидуалдык тип — 38 900 (19 500 — 81 500);
  • ээси ичин өзү жасап алса — 43 600 (28 500 — 125 000).

Үч бөлмө батирдин орточо баасы:

  • 104-серия — 43 800 доллар (20 000 — 68 000);
  • 105-серия — 50 400 (32 500 — 78 000);
  • 106-серия — 54 400 (30 000 — 75 000);
  • "хрущевкалар" — 38 900 (24 500 — 59 500);
  • индивидуалдык тип — 52 600 (32 000 — 90 000);
  • ээси ичин өзү жасап алса — 76 600 (34 000 — 131 000).
Жаңылыктар түрмөгү
0