07:18 17 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.4062
  • RUB1.1904
Инфографика

Эң көп сатылган унаалардын наркы кандай өзгөрдү. Базар баасына талдоо

Кыскача шилтеме алуу
2607 0 0
Кыргызстандагы эң өтүмдүү  машиналар кымбаттадыбы?  Унаа базарындагы абал

Sputnik Кыргызстандын инфографикасында базарда эң көп сатылып жаткан 15 автокөлүктүн наркы канчалык өзгөргөнү көрсөтүлдү.

Кыргызстандыктарда эң популярдуу унаалар:

  • Toyota Camry;
  • Daewoo Nexia;
  • Honda Fit;
  • Honda CR-V;
  • E-класстагы Mercedes-Benz;
  • Daewoo Matiz;
  • 5-сериядагы BMW;
  • Volkswagen Passat;
  • Honda Accord;
  • Honda Odyssey;
  • Lexus RX;
  • Hyundai Sonata;
  • Lada 2107;
  • Toyota Prius;
  • Toyota RAV4.

Инфографикада жылы жаңы автоунаалардын баалары көрсөтүлдү. Мониторинг autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg (баалар дээрлик айырмаланбайт) ресурстарындагы маалыматтардын негизинде жүргүзүлдү. Көрсөтүлгөн ар бир унаанын наркы доллар менен белгиленген (КРдин Улуттук банкынын 3-сентябрдагы доллар 84,5 сомго бааланган курсу боюнча).

Бааларга алгачкы жүргүзүлгөн талдоодон (2020-жылдын январь айы) бери базардагы абал бир кыйла өзгөргөн.

Көпчүлүк унаалардын наркы орточо эсеп менен 200-1 200 долларга кымбаттаган. Бул Honda Odyssey, Toyota RAV4, Hyundai Sonata, Lada 210, Lexus RX, E-класстагы Mercedes-Benz, Daewoo Matiz жана 5-сериядагы BMW унааларында байкалат.

Деген менен кээ бир автоунаалардын баасы бир кыйла арзандап кетти. Мисалы, 2017-2016-жылдары чыгарылган Toyota Camry, ошондой эле 2017-жылы чыккан Toyota RAV4 орточо 1 000 долларга арзандаган.

Тема боюнча

Бензин дагы 2 сомго кымбатташы күтүлүүдө. Нефтетрейдерлер себебин атады
Белгилер:
Кыргызстан, жаңылыктар, автоунаа, нарк, талдоо

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ