Кыргызстандагы 2021/2022-окуу жылындагы мектеп каникулдары. Календарь

Жазылуу
Кыргызстандагы 2021/2022-окуу жылынын каникулдарынын календары. Sputnik агенттиги Билим берүү жана илим министрлигинин болжолдуу маалыматына таянып инфографика жасады.

Быйыл окуу жылы 15-сентябрда башталат. Министрлер кабинети мындай чечимди билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык офлайн режиминде билим алууга акырындык менен өтүү максатында кабыл алды.

Абитуриент экзамен алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
ЖОЖ, кесиптик лицейлердеги окуу тартиби, каникул мөөнөтү айтылды
Мындан улам мектептерде күзгү каникулдун убактысы дагы жылат. Биринчи чейрек 5-ноябрга чейин созулат — окуу убактысы 38 күн же 7,5 жума. Ал эми каникулга 8-ноябрдан 14үнө чейин чыгышат. Экинчи чейрек 15-ноябрда башталып 31-декабрга чейин созулат. Мында окуу убактысы — 35 күн же 7 жума. Андан соң 10 күн каникул берилет.

Үчүнчү чейрек 11-январда башталып, 18-мартта бүтөт. Окуу убактысы — 47 күн же 9,5 жума. Каникул 21-марттан 27сине чейин. Төртүнчү чейрек 28-мартта башталып, 8-июнда аяктайт. Окуу убактысы — 50 күн же 10 жума.

Белгилей кетсек, мектептердеги каникул убактысы болжолдуу берилди. Өзгөрүп кетиши да ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0