Кыргызстанда унаалар 1 000 долларга кымбаттады. Автобазардагы баалар

Жазылуу
Апта сайын Sputnik Кыргызстан унаа базарларындагы машиналардын баасы тууралуу маалыматтарды жазып келет. Бул ирет 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын июль айына чейин коомчулукта кенен тараган седандардын баасы кандай өзгөргөндүгүн аныктап көрдүк.

Баалар autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg (баалар дээрлик айырмаланбайт) ресурстарынан алынды. Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн ар бир машинанын орточо наркы чыгарылды.

Эң көп сатуудагы автоунаалар:

  • Toyota Camry;
  • Daewoo Nexia;
  • E-класстагы Mercedes-Benz;
  • 5-сериядагы BMW E60;
  • Volkswagen Passat;
  • Honda Accord;
  • Hyundai Sonata;
  • Audi A6;
  • Toyota Corolla;
  • S-класстагы Mercedes-Benz.

Инфографикада жылы жаңы унаалардын орточо баасы көрсөтүлдү.

Тейлөө борборунун кызматкери унааны текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Автоэксперт техникалык тейлөөдө акча үнөмдөөнүн жолдорун айтты
Көбүнесе Toyota Camry, Toyota Corolla, S-класстагы Mercedes-Benz, Hyundai Sonata, 5-сериядагы BMW E60 жана Audi A6 наркы өскөн. Алардын орточо баасы 200-1000 долларга кымбаттаган.

Ал эми 1997 жана 1998-жылдары чыгарылган Volkswagen Passat 100-300 долларга арзандаган. Ал эми андан эскирээгинин баасы, тескерисинче, жогорулаган. Ушундай эле көрүнүш Е-класстагы Mercedes-Benz унаасында байкалат. 2003 жана 2008-жылдары чыккан унаа 100-300 долларга арзандаган.

Тизмедеги башка үлгүдөгү автоунаалардын баалары өскөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0