Бишкек шаардык кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыгы — АСУ эсеби

Жазылуу
Автоматтык түрдө санаган электрондук урнанын эсебинин негизинде чыгарылган Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен Sputnik Кыргызстандын материалынан тааныша аласыз.

Автоматтык түрдө санаган электрондук урнанын эсебинин негизинде чыгарылган Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоонун алдын ала жыйынтыгын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия жарыялайт. Инфографикада көрсөтүлгөн маалымат акыркы жыйынтык эмес.

Массалык мыйзам бузуулардан улам апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп эсептелген. Ушундай эле себептерден улам Ош жана Токмок шаардык кеңештеринде да шайлоо өтүп жатат.

Президентские выборы в Киргизии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Бишкек, Ош жана Токмоктогу шайлоочулардын акыркы тизмеси жарыяланды
Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттык орун үчүн бюллетенде ирети менен жазылып, 18 партия ат салышууда. Алар: "Ата-Журт — Кыргызстан", "Биздин Кыргызстан", Мигранттардын, куруучулардын жана агрардык реформа борборунун "Жаңы мезгил" партиясы, "Эмгек", "Замандаш", "Күч биримдикте" социалдык-саясий партиясы, Кыргызстандын жашылдар партиясы, "Ишеним", "Айкөл Кыргызстан", "Туран" демократиялык партиясы, "Социал-демократтар", "Реформа", "Келечек — Будущее", "Столица" демократиялык партиясы, "Өнүгүү — Прогресс", "Улуу-Журт", "Ынтымак", "Биздин эл".

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандат жети пайыздык босогодон өткөн партияларга бөлүштүрүлөт.

Бишкек шаардык кеңешин шайлоо боюнча бардык маалыматтарды улам жаңыланып турган материалыбызга ыкчам жарыялап турабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0