09:37 24 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.6481
  • EUR101.0106
  • RUB1.1649
Инфографика

Бишкектеги азык-түлүктүн баасы башка борбор калаалар менен салыштырылды

Кыскача шилтеме алуу
335 0 0
Бишкек жана башка борбор калаалардагы  азык-түлүктүн баасы

Улуттук статистика комитетинин адистери негизги азык-түлүктөрдүн баасы Бишкек, Москва, Нур-Султан жана Минск шаарларында канча турарын салыштырды. Айырмасын Sputnik инфографикасынан көрүңүз.

Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Беларустун борбор калааларында азык-түлүктүн апрель айына карата орточо чекене баасы боюнча Улуттук статистика комитети мониторинг жүргүздү.

Жыйынтыгында Бишкекте жууган май арзаныраак экени белгилүү болду. Тагыраагы, шаар тургундары бул майдын бир килограммын 320 сомго (3,8 доллар) сатып алат. Москвада бул азык үч эсе кымбат.

Ошол эле учурда Кыргызстанда жумуртканын 10 даанасы орто эсеп менен 106 сомдон сатылып жатса, Москвада бул товар 101 сом деп бааланып жаткан.

Уй эти, сүт жана жумурткага эң арзан баа Минск шаарында катталган. Нур-Султан шаарынын тургундары башка үч калаанын жашоочуларына салыштырмалуу нан менен жумуртканы арзан сатып алат. Анткен менен Бишкекте биринчи сорттогу ун баарынан арзан, килограммы 39 сом.

Баалардан тышкары адистер төрт шаардын тургундарынын сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн салыштырып көрдү. Бишкек үч шаардан тең артта калды. Мисалы, апрель айында Бишкекте бир кишинин орточо айлыгына 60 килограмм уй этин сатып алууга болсо, Москванын тургуну бир айлык маянасына 227 килограммдан ашык эт сатып алууга дарамети жетмек. Нур-Султандыктар бир айлыгына 2 тоннадан ашык картошка сатып алса, бишкектиктер 740 гана килограмм алууга мүмкүнчүлүгү жетет.

Тема боюнча

Быйыл жашылча-жемиш былтыркыдан азыраак жыйналууда
Белгилер:
баа, азык-түлүк, Минск, Нур-Султан, Москва, Бишкек

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ