Кымыз ичүү
бээнин сүтү менен дарылануу жайлары жана баалары
Кымыз ичүү
бээнин сүтү менен дарылануу жайлары жана баалары
Кымыз менен дарылоо мезгили
Майдын аягы менен Кыргызстанда сүттү, тагыраагы бээнин сүтүн жана саамалды дарылык үчүн ичүү мезгили башталат.
Кымыз менен дарылоо июлдун ортосунда Үркөр топ жылдызы чыкканда токтотулат.
Кымыз менен дарыланууну сунуштоочу айрым жайлардын баасы.
Бир киши үчүн суткасына, сом
КРде айрым белгилүү кымыз жайларынын жайгашуусу
Кымызды даярдоо
1.
Бээни саардан эки саатча мурун кулунду желеге байлап коёт. Мунун максаты ага энесинин сүтүн ээмп коюга жол бербөө
2.
Бээни саар алдында эмчегин ийитиш үчүн кулунду бир аз энесине коё берип, андан соң саайт
3.
Көрөңгө — өткөн жылкы кымыздан алып сакталган бир аз кымыз. Айрым учурда сабанын боорундагы кымыздын коюу калдыгын да сактап коюшат
4.
Саба — кымыз ачытканга колдонула турган, адатта уйдун терисинен жасалуучу булгары чоң идиш. Сабаны бузулуп кетпеши үчүн эки-үч жумада бир чийдин, кызыл карагайдын (тобурчагы же кабыгы да болот) түтүнүнө ыштап алышат
5.
Сүт ирибей кымыз болуш үчүн узак убакыт бишкек менен бышат
6.
Кымыздын даярдык мөөнөтү көрөңгө менен кошулган сүттүн көлөмүнө жараша. Көрөңгө канчалык көп болсо, кымыз ичкенге ошончо эрте даяр болот
Бээнин сүтүн жана кымызды дарттардын алдын алуу жана дарылоо үчүн пайдалануу
Ар бир адам үчүн кымыз ичүүнүн жекече тартиби белгиленет. Бирок негизинен бул дарылык касиети бар суусундукту күнүнө беш маал ичүү кеңеш кылынат
Адамдын нерв системасына жакшы таасир берет
Кургак учуктун таякчаларын өлтүрө турган табигый антибиотиктерге бай
Жүрөк-тамыр ооруларын алдын алуу жана дарылоо үчүн пайдаланылат
Адамдын ашказан-ичегилеринин иштешин жакшыртат
Көп сандаган илдеттүү микробдорго, анын ичинде ичеги таякчаларына каршы бактерициддик таасир берет
Кандын гемоглобинин көтөрөт
Кымызды жеке көтөрө албаган учурда, лактозага аллергиясы бар болсо, жана ашказан-ичеги оорулары курчуп турган учурда ичүүгө болбойт
Витаминдер
Кымызда С витамини уйдун сүтүнө караганда үч эсе көп
Минералдар
Кымыздын курамындагы спирт
Жеңил
1%
Орточо
2,5%
Күчтүү
4,5% — 40%
Редакторлор
Тынаркүл Рыскулова, Светлана Федотова

Дизайнер
Даниил Сулайманов

Булак
ачык маалыматтар
Жаңылыктар түрмөгү
0