Жолтандабастар менен кроссоверлер арзандай баштады. Баага сереп

Жазылуу
Ар жума сайын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги автоунаалардын баасы тууралуу айтып берет. Бул ирет эл көп айдаган жолтандабастар менен кроссоверлердин баасы 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын апрелине чейин кандайча өзгөргөнүн сураштырды.

Өтүмдүү унааларга төмөнкүлөр кирди:

  • Lexus GX 470;
  • Honda CR-V;
  • Toyota RAV4;
  • Lexus RX 350;
  • Volkswagen Touareg;
  • Subaru Forester;
  • Toyota Landcruiser;
  • Kia Sportage;
  • Hyundai Santa Fe.

Инфографикада жылы боюнча популярдуу болгон автоунаалардын баасы көрсөтүлгөн.

Тизмедеги унаалардын жарымы орточо 200-1 100 долларга арзандады. Тагыраагы, Lexus GX 470, Toyota RAV4, Lexus RX 350, Volkswagen Touareg, Subaru Forester автокөлүктөрүнүн баасы түшкөн.

Ал эми Honda CR-V менен Toyota Landcruiser, тескерисинче, кымбаттаганы байкалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0