Эл арасында инфекциялык оорулар үч эсеге азайды. Статистика

Жазылуу
Коронавирус пандемиясы элди бет кап тагынып, колду тез-тез жууп жана профилактикалык чараларды көрүүгө көндүрдү.

2020-жылы кыргызстандыктар башка инфекциялык ооруларга азыраак чалдыга баштадыбы? Бул суроого Sputnik Кыргызстандын журналисти Статистика боюнча улуттук комитеттен жооп алды.

Статкомдун маалыматына караганда, былтыр 100 миң кишиге эсептегенде сакоо (свинка — ред.) оорусунун азайганы байкалып, 2019-жылга карата 12 эсеге аз катталган.

Бишкектеги медициналык кызматкер COVID-19 вакцинасынын даярдап жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
COVID-19дан эмделгендер жана эмделчүлөр билиши керек. Түйшөлткөн 9 суроого жооп
Эске сала турган дагы бир тенденция ичеги-карын инфекцияларына байланыштуу, анын үч эсеге азайганы маалым болду. Тагыраагы, 100 миң адамга алганда 519,6дан 171 учурга түшкөн. Ушундай эле көрсөткүч менингитке байланышкан. Анын төмөндөшү 2,5 эседен да көбүрөөк болгон. Вирустук гепатит боюнча да ушул эле сандар чыкты.

Курч респиратордук инфекциялар (КРВИ) 2,2 пайызга түшсө, грипп 40 пайызга көбөйүп кеткен.

Салыштыруу үчүн алсак, 2019-жылы грипп менен ооругандар 100 миң адамга алганда 3,8 учур болсо, былтыр көрсөткүч 5,3 учурду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0