Референдумга катышкан шайлоочулардын саны. Улам жаңыланган график

Жазылуу
Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен катар өтүп жаткан жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумга катышкандар тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстандын жаңыланган материалынан окуңуз.

Бүгүн, 11-апрелде, Кыргызстанда жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум өтүп жатат. Добуш берүүнүн жүрүшүнө Борбордук шайлоо комиссиясы көз салууда. Катышкан шайлоочулардын саны келип түшкөн маалыматтар боюнча жаңыланып турат.

Добуш берүү участкалары 8:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Өлкөдө референдум менен кошо жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө. Референдумга тизмеге киргизилген шайлоочулардын 30 пайызы катышса, БШК жалпы элдик добуш берүүнү өттү деп эсептейт.

Кыргызстанда референдумда добуш берүү укугуна ээ болгондордун саны 3,6 миллиондон ашат. Жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча жалпы элдик добуш берүүнү өткөрүүгө 55,6 миллион сом бөлүнгөн.

Возложение цветов наблюдателей от МПА СНГ к мемориалу в Ата-Бейите - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2021
КМШнын эл аралык байкоочулары "Ата-Бейитке" барышты. Сүрөт
Конституциянын сунушталып жаткан долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Мамлекет башчысы аткаруу бийлигин жетектейт, эки мөөнөткө шайлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан сырткары, мыйзамдарды демилгелей алат жана башка ыйгарым укуктарга ээ. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары, депутаттардын саны кыскарат. Сунушталган баш мыйзамда эл өкүлдөрү азыркыдан 30га аз болот.

Долбоор кабыл алынып калса, өкмөттө министрлер кабинетин кайрадан түзүү боюнча олуттуу өзгөрүүлөр күтүлөт. Министрлер кабинетине президенттик администрациянын башчысы төрагалык кылат. Салыштыруу үчүн: учурда өкмөттү көптөгөн ыйгарым укукка ээ болгон премьер-министр жетектейт.

Долбоор элдик курултайды, ошондой эле "Кыргызстан элинин моралдык-этикалык баалуулуктарына, коомдун аң-сезимине каршы келген" иш-аракеттерди чектөөгө мүмкүндүк берген эрежени киргизүүнү камтыйт.

Мында сунуш кылынган өзгөрүүлөрдүн айрым гана бөлүктөрү айтылды. Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун учурдагыдан айырмалары тууралуу төмөнкү материалдан окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0