Сүмөлөк кантип жасалат — Нооруздун майрамдык тамагы

Жазылуу
Сүмөлөк Ноорузда майрамдык дасторконго коюлуучу негизги тамак болуп эсептелет. Ал өндүрүлгөн буудайдан, өсүмдүк майынан жана буудай унунан жасалат.
Салтка ылайык, сүмөлөктү Нооруз алдындагы түнү бышырышат. Катуу оттун үстүндө казанга кайнатылуучу тамакты тынбай аралаштырып туруу керек. Буга бардык каалоочулар келип кол тийгизе алат. Жана сүмөлөктү аралаштырып жатып, ар бири өз каалоо-үмүтүнүн орундалышын тилейт. Казанды тегеректеген эл, бала-чака жөн гана турбастан, оюн-зоок, ыр-тамаша менен көңүл ачышат.
Сүмөлөк бышырылчу казандын түбүнө ырым кылып 41 таш салынат. Таштарды чоң суунун сайынан же, дагы бир ишенимдер боюнча, үч жолдун айрылышынан терип келишет. Таштардын практикалык да мааниси бар – алардын аркасы менен сүмөлөк казандын түбүнө күйүп жабышпай, бөлтөк болбой, текши бышат.
Сүмөлөк коюланып отуруп, шокалад өңдүү күрөң түскө келгенде, казандын үстүн жакшы жаап, басаңдап калган оттун табына Нооруз таңы атканга чейин калтырып коюшат. Дагы бир ишенимге ылайык, сүмөлөктү эртең менен кашык менен эмес, чыпалактын учу менен илип ооз тийиш керек. Ошондо гана тилегиң орундалат деп айтышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0