Конго, Ливия, Израиль... Кыргызстанда кайсы мамлекеттен келген студенттер көп

Жазылуу
Учурда өлкө аймагындагы жогорку окуу жайларда 41 миңден ашык чет элдик студент билим алып жатат. Sputnik Кыргызстан агенттиги алар кайсы мамлекеттерден келип жаткандыгына кызыгып көрдү.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, учурда республика аймагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жогорку окуу жайларда дүйнөнүн 62 мамлекетинен келген 41 миң 67 студент окуйт. Алардын басымдуу бөлүгү Өзбекстан, Индия, Пакистан, Казакстан, Тажикстан жана Россиядан келгендер.

Кыргызстандагы эң өтүмдүү универсал автоунаалардын орточо баасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2020
Кыргызстандагы эң өтүмдүү минивэн, универсал унаалардын баасы. Инфографика
Ошондой эле Африка, Азия, Европа, Араб өлкөлөрүнөн да билим алуу үчүн Кыргызстанга келгендер жок эмес. Мисалы, Замбия, Алжир, Аргентина, Италия, Конго, Ливия, Мексика, Нигерия, Перу, Йемен, Чили, Эритрея, Швейцария, Франция, Румыния, Израиль, Бельгия жана Австралиянын бирден жараны бар.

Чет элдик студенттер окуу акысы үчүн жылына 21 миң сомдон баштап 482 миң сомго чейин контракт төлөшөт.

Эске сала кетсек, өкмөт аралык келишимдеринин негизинде Кыргызстанга жыл сайын Россиядан 50, Тажикстандан 25, Беларустан 10, Казакстандан 5 студент келип акысыз окуй алышат. Андан сырткары, этникалык кыргыздарга жылына 75 бюджеттик орун бөлүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0