Батир издеп жүрөсүзбү? Бишкектеги үйлөрдүн февралдагы баасы

Жазылуу
2021-жылдын февраль айында Бишкекте үч бөлмөлүү "хрущевкалар" (январга салыштырмалуу) кымбаттады. Ал эми 106-сериядагы эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы бир кыйла түштү.

Sputnik Кыргызстан ай сайын ачык булактар аркылуу Бишкектеги батирлердин баасына көз жүгүртүп турат. Биз баалардын диапазонун жана түрдүү типтеги (104, 105 жана 106-серия, "хрущевка", индивидуалдуу типтеги) бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасын көрсөтүп беребиз. Бул айдан тарта ичин ээси өзү жасай турган "элитка" тибиндеги батирлердин баасын дагы биле аласыздар.

Бул материалды даярдоо үчүн 1 794 жарыяга анализ жасалды.

2021-жылдын февраль айында борбор калаадагы үйлөрдүн баасы январга салыштырмалуу бир аз гана өстү. Мисалы "хрущевкалар" орто эсеп менен 2 200 долларга, ал эми 106-сериядагы бир бөлмөлүү батирлер 1 100 долларга жогорулады. Жеке типтеги эки бөлмөлүү батирге — 1000, 104-сериядагыга 700 доллар ашык төлөөгө туура келди.

105-сериядагы үч бөлмөлүү жана 106-сериядагы эки бөлмөлүү үйлөр кыйла арзандаганы байкалды. Баасы түшкөн үйлөрдүн катарында жеке типтеги бир жана үч бөлмөлүү батирлер дагы бар.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, февраль айында бир бөлмөлүү батирдин орточо баасы төмөнкүчө болду:

  • 104-серия — 30 300 доллар (23 000ден 48 000ге чейин);
  • 105-серия — 30 000 (23 900дөн 38 500гө чейин);
  • 106-серия — 32 600 (19 500дөн 41 500гө чейин);
  • "хрущевка" — 26 000 (18 500дөн 34 000ге чейин);
  • индивидуалдуу типтеги батирлер — 28 800 (12 500дөн 55 000ге чейин);
  • ичин ээси өзү жасап алчу "элиткалар" — 36 000 (26 500дөн 50 000ге чейин).

Эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 37 300 доллар (27 000ден 51 500гө чейин);
  • 105-серия — 41 800 (32 000ден 53 000ге чейин);
  • 106-серия — 44 300 (27 500дөн 67 000ге чейин);
  • "хрущевка" — 32 700 (22 000ден 51 500гө чейин);
  • индивидуалдуу типтеги батирлер — 42 900 (22 500дөн 88 500гө чейин).
  • ичин ээси өзү жасап алчу "элиткалар" — 45 900 (29 500дөн 80 000ге чейин)

Үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 44 500 доллар (35 000ден 70 000ге чейин);
  • 105-серия — 51 900 (38 400дөн 81 000ге чейин);
  • 106-серия — 57 800 (41 400дөн 75 000ге чейин);
  • "хрущевка" — 41 200 (35 000ден 47 500гө чейин);
  • индивидуалдуу типтеги батирлер — 59 000 (31 000ден 175 000ге чейин);
  • ичин ээси өзү жасап алчу "элиткалар" — 83 100 (36 500дөн 109 000ге чейин).
Жаңылыктар түрмөгү
0