22:08 11 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7863
  • EUR100.7855
  • RUB1.0988
Инфографика

Кыргызстандагы эң кымбат 10 университеттин тизмеси жана баалары

Кыскача шилтеме алуу
0 0
Кыргызстандагы  эң кымбат 10 университет

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы окуу акысы эң кымбат 10 жогорку окуу жайдын тизмесин жарыялады. Арасында акысы 50 миң сомдон жарым миллионго чейин чапчыгандары бар.

Кыргызстандагы эң кымбат университет болуп АУЦА эсептелет. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, жылына орто эсеп менен студент 482 400 сом төлөйт.

Экинчи сапта Медицинанын эл аралык жогорку мектеби. Бул жерде жалаң гана чет элдиктер билим алышат. Студент жылына 210 000 сом төлөйт.

Салымбеков атындагы университетте бир жылдык окуу акысы жергиликтүү студенттер үчүн 75 миң, чет элдиктерге 165 миң сомго жетет.

Эл аралык медицина университетинин окуу акысы жеткиликтүүрөөк. Анда кыргызстандыктар жылына 93 миң, чет элдиктер 151 миң сом төлөшөт.

Кымбаттыгы боюнча алдыңкы беш сапка кирген окуу жайлардын катарында "Ала-Тоо" эл аралык университети бар. Жергиликтүүлөр үчүн жылына 80 миң сом болсо, чет элдиктер 173 миң сом төлөшү керек.

Тема боюнча

Бишкектеги автомектептердин тизмеги. Шарты жана баалары
Белгилер:
контракт, кымбат, Университет, Кыргызстан

Дагы инфографика

  • Жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумдагы добуш берүүнүн жүрүшү
    Акыркы жаңылоо: 11:06 11.04.2021
    11:06 11.04.2021

    Референдумга катышкан шайлоочулардын саны. Улам жаңыланган график

    Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен катар өтүп жаткан жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумга катышкандар тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстандын жаңыланган материалынан окуңуз.

  • Кыргызстанда декабрдан бери седандардын баасы кандай өзгөрдү
    Акыркы жаңылоо: 11:33 04.04.2021
    11:33 04.04.2021

    Айрымдары 500 долларга чейин кымбаттады. Унаа базарындагы азыркы абал

    Апта сайын Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү автоунаалардын базар баасы тууралуу маалыматтарды чыгарат. Бул ирет 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын апрелине чейин седан кузовундагы автоунаалардын баасы канчалык өзгөргөнүн аныктап көрдүк.

  • 2021-жылдын орозо календары
    Акыркы жаңылоо: 15:22 02.04.2021
    15:22 02.04.2021

    2021-жылдын Орозо календары

    Быйыл Орозо (Рамазан) айы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматына ылайык, 13 же 14-апрелге туш келери болжолдонууда.

  • Мамлекеттик ишканалар кандай киреше табууда? Учурдагы абалы
    Акыркы жаңылоо: 17:10 31.03.2021
    17:10 31.03.2021

    Мамлекеттик ишканалардын азыркы абалы

    Учурда республика аймагында 104 мамлекеттик ишкана өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Алардан өткөн жылы өлкө казынасына 521 миллион сомдон ашык акча түшкөн. Sputnik Кыргызстан агенттиги өкмөттүн карамагындагы ишканалардын абалына, тапкан кирешелерине кызыгып көрдү.

ЭҢ МААНИЛҮҮ