Бишкектеги батирлердин февралдагы ижара баасы

Жазылуу
Февралда Бишкек шаарында эки бөлмөлүү батирлердин баасы экинчи ай катары менен кымбат болууда. Рынокто баарынан көп "элиталык" типтеги батирлер турат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ар бир ай сайын Бишкектеги батирлердин ижара акысы тууралуу жазып келет. Баалар тууралуу ачык маалымат булактарынан алып, өткөн айга салыштырып, окурмандарга сунуштайбыз.

Бул материалды даярдоодо 460 жарнама каралды. Февралда эмеректери бар батирлердин жана мейманкана тибиндеги батирлердин ижара акысын анализдеп чыктык.

Көп кабаттуу турак үйдүн батириндеги кухня. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2021
Кыргызстанда ипотеканын баштапкы төлөм маселесин кантип чечсе болот. Варианттар
Ушул айда кыймылсыз мүлктүн бир бөлмөлүү батирлеринин ижара акысы эмереги менен алганда түрлөрүнө карабай дээрлик өскөн. Бул жерде "элиталыктарынан" башкасы тууралуу кеп болууда. Ал эми мындай типтеги турак-жайдын наркы 4 800 сомго көбөйгөн.

Эмереги менен берилген эки бөлмөлүү батир бир топ эле кымбаттаган. 105-сериядагы эки бөлмөлүү баш калка үчүн орто эсеп менен 2000, ал эми "элиталыктары" үчүн 7 000 сомдун тегерегинде көтөрүлгөн.

Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн ар кыл типтеги бир, эки, үч бөлмөлүү, 104, 105, 106-сериядагы, "элиталыктардын", "өзүнчө" типтегилер менен мейманкана тибиндеги батирлердин орточо ижара акысын жана баалардын диапазонун көрсөттүк.

Ачык маалымат булактарынан алып карай келгенде, эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин февраль айындагы орточо баасы төмөнкүдөй болду:

  • 104-серия — 15 100 сом (10 500 - 21 000 сом);
  • 105-серия — 15 800 (12 000 - 21 000);
  • 106-серия —17 000 (13 500 - 29 600);
  • өзүнчө типтеги батирлер — 16 400 (10 000 30 200);
  • мейманкана тибиндегилер — 7500 (6000 - 10000).
  • "элиталыктары" — 20 400 (14 000 - 25 400);

Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 18 600 сом (15 000 - 24 000);
  • 105-серия — 21 200 (14 000- 29 700);
  • 106-серия — 22 800 (15 000 - 29 600);
  • өзүнчө типтеги батирлер — 23 500 (15 000 - 42 400);
  • "элиталыктары" — 40 600 (20 000 - 84 800).

Эмереги бар үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 23 900 сом (от 16 000 - 29 700);
  • 105-серия — 24 400 (18 000 - 35 000);
  • 106-серия — 25 500 (20 000 - 38 100);
  • өзүнчө типтеги батирлер — 28 600 (13 000 - 38 100);
  • "элиталыктары" — 58 700 (30 000 -127 000).
Жаңылыктар түрмөгү
0