18:25 26 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7500
  • EUR102.9628
  • RUB1.1385
Инфографика

Кыргызстандан жыл сайын канча руда, концентрат чыгып жатат. Инфографика

Кыскача шилтеме алуу
309 0 0
Кыргызстандан 2020-жылы канча тонна руда, концентрат чыгарылган?

Өткөн жылы республика аймагынан 63 миң 836 тоннадай концентрат, 162 миң тоннадан ашык руда чет жакка чыгарылып кеткен.

Sputnik Кыргызстан агенттиги курамында баалуу металлдар бар руда менен концентраттар кайсы мамлекеттерге кетип жаткандыгына кызыгып көрдү.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда концентрат менен жети, руда менен бир компания иш алып барат. Ал кен казган ишканалар алтын, күмүш, жез өңдүү баалуу металлдарды ылгап алуу үчүн Казакстан, Кытай, Түркияга ташыйт. Алар 2020-жылы өлкө аймагынан жалпы 226 миң 207 тоннадан ашык концентрат, руда чыгарышкан. Курамында 5 667 килограмм алтын, 11 тонна 304 килограммдан ашык күмүш жана 7343 тоннадан ашык жез болгон.

Ири көлөмдөгү концентрат, рудаларды "Вертекс Голд Компани", "Казминералз Бозымчак" жана "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коому коңшу Казакстанга ташып кеткен. Мамлекеттик органдар муну кен казып иштеген чет элдик компаниялардын КРде баалуу металлдарды ылгап алуучу заводдору жок болгондугу менен түшүндүрөт.

Эскерте кетсек, 2019-жылы КРден 73 миң 401 тоннадан ашык концентрат чыгарылган. Анда 5518 килограммдай алтын, 14 тонна 272 килограмм күмүш жана 9026 тоннадан ашык жез бар экени айтылган болчу.

Концентрат — бул рудага караганда зыяндуу компоненттери аз жана курамында баалуу металлы көп болгон байытылган продукт.

Кошумчалай кетсек, 2020-жылдын соңунда алтын кенин жана концентратты казып алуу, ошондой эле сатуу менен алектенгендердин киреше салыгы жогорулатылып, 2023-жылга чейин жети пайызга, ал эми андан кийинки жылдан тартып 10 пайызга көбөймөкчү болгон.

Тема боюнча

Бишкектеги батирлердин 2021-жылдын январына карата баасы
Кыргызстанда нефть менен газ чыккан жерлердин картасы
Өлөр алдында учкучтар уруша кетишкен. Дача СУга учактын кулаган себеби
Белгилер:
экономика, казуу, кен, Кыргызстан

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ