Эң өтүмдүү седан кузовундагы унаалардын баасы кандай өзгөрдү? Инфографика

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан ар жума сайын автоунаалардын наркы тууралуу маалымат чыгарат. Бул жолу 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын февралына чейин популярдуу седан кузовундагы машиналардын баасы кандай өзгөргөнүн билдик.

Талдоо autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарындагы маалыматтардын негизинде жүргүзүлгөн (көрсөткүчтөр дээрлик окшош). Окурмандарга ыңгайлуу болуш үчүн ар бир автоунаанын орточо наркы белгиленди.

Сатылганы боюнча алдыңкы ондукта тургандар:

  • Toyota Camry XV50;
  • Daewoo Nexia I;
  • E классындагы Mercedes-Benz W211;
  • 5-сериядагы BMW E60;
  • Volkswagen Passat B5;
  • Honda Accord VII;
  • Hyundai Sonata VI;
  • Audi A6 II;
  • Toyota Corolla IX;
  • S классындагы Mercedes-Benz W221.

Көп машиналар декабрдан бери арзандаган. Тагыраак айтканда, 2001–2004-жылы чыгарылган Toyota Corolla 100-700 долларга түшкөн. 2009–2012-жылкы Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автокөлүктүн баасы 50-300 долларга төмөндөгөн.

Май аз ичкен унаа баасы 2020-жылдын декабрынан бери кандай өзгөрдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2021
Кыргызстанда майды аз ичкен автоунаалардын наркы кандай өзгөрдү? Инфографика
Ал эми 2009–2011-жылы чыккан S класссындагы Mercedes-Benz W221 эки айдын аралыгында 1000 долларга арзандаган. Мындай машиналарды 14-18 миң долларга сатып алууга болот.

Деген менен Toyota Camry, тескерисинче, кымбаттаган. 2012–2016-жылдары чыккан үлгүлөрү бери дегенде эле 100 долларга көтөрүлгөн. 2003-2008-жылдары чыккан 5-сериядагы BMW E60 машинасынын баасы 700 долларга чейин өстү.

Аналитиктер баанын секирик жасап жатышына тез арада сатуу муктаждыгы, ошондой эле автоунаанын абалына (жакшы же начар) байланыштуу экенин айтышат. Алардын наркы орточо бааны аныктоого таасир этет.

Жаңылыктар түрмөгү
0