Кыргызстанда нефть менен газ чыккан жерлердин картасы

Жазылуу
Нефть жана газ чыккан жер Кыргызстандын эки аймагында — Баткен менен Жалал-Абадда катталган. Алардын кайсы жерде жайгашкандыгын картанын жардамы менен таанышсаңыздар болот.

Кыргызстандын кайсы жеринде нефть менен газ чыгарын Sputnik Кыргызстандын кабарчылары пайдалуу кендер менен кен байлыктардын реестрин жана пайдалуу кендердин картасын карап, аныктап чыккан.

Газопровод высокого давления от Елабуги до Нижнекамска - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2021
Баткендин газы Өзбекстанга мыйзамсыз сатылып жатабы. УКМКнын түшүндүрмөсү
Инфографикада газ жана нефтинин белгиси бар жерлер белгиленген жок. Аны менен бирге балансы эсептелген кендер эле эмес, иштетилген калдыктар, консерваланган жана резерв үчүн коюп койгондору да көрсөтүлгөн.

Пайдалуу кендердин реестрине ылайык, Кыргызстанда чакан 7 нефть кени бар. Алар эсептелген баланстагы Майлы-Сай, Чыйырчык, Чангыр-Таш, Тамчы, Карагач, Бешкент-Тогап жана Таш-Рабат (бир катар маалыматтарда кен чыккан акыркы эки жерди бирге санап жүрүшөт).

Алардын төртөө Баткен облусунда, үчөө Жалал-Абадда. Дагы бири, Чаур-Яркутан, реестрде "дээрлик иштетилген" кен катары белгиленген.

Май куйуучу бекеттеги автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2021
Нефтетрейдерлер министрликтин күйүүчү май боюнча божомолуна каршы пикир айтты
Пайдалуу кендердин картасында балансы эсептелген нефтигаз кендери төрт жерде белгиленген. Алардын орточороогу — Майлы-Суу-IV Чыгыш Избаскент, ал эми калганы чакан кендерге кирет.

Мамлекеттик баланста газ чыккан эки кен эсептелип турат. Алар Сузак жана Жалал-Абаддагы Түштүк Риштан менен Баткен кендери. Реестрде газ чыккан эки кен көрсөтүлгөн. Алар — Сары-Ток жана Сары-Камыш (биринчиси сакталып турганы, экинчиси иштетилгени).

Жаңылыктар түрмөгү
0