Бишкекте ижарага берилчү батирлердин январдагы баасы. Инфографика

Жазылуу
Январь айында бир жана эки бөлмөлүү батирлердин ижарасы кымбаттады. Декабрга караганда үйүн киреге берем дегендердин сунушу дээрлик эки эсе азайды.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ай сайын Бишкектеги батирдин ижара акысына ачык маалыматтар аркылуу байкоо салып турат.

Бул материалды даярдоодо 820 жарнама каралды. Салыштыруу иретинде айтсак, өткөн айда батирди ижарага берчүлөр 1400 ирет маалымат жарыялаган.

Январь айында бир бөлмөлүү турак жайды эмереги менен ижарага алуунун орточо баасы өсүп кеткен. 104 жана 106-сериядагылар 2 200 сомго кымбаттаган. Ал эми "элиталык" батирлерге 3 900 сом кошулган. Өзүнчө пландалган деген типтеги батирлердин баасы гана өзгөрүүсүз калган.

Эки бөлмөлүү, жыгач-ташы менен кошо берилген батирлер боюнча деле абал жогорудагыдай. Болгону өзүнчө пландалган деген типтеги 2 бөлмөлүү батирлердин орточо баасы 3 800 сомго түшкөн.

Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн ар кыл типтеги бир, эки, үч бөлмөлүү, 104, 105, 106-сериядагы жана "элиталык", мейманкана түрүндөгү, андан сырткары, өзүнчө типтеги батирлердин ижара бааларынын канчадан канчага чейин болорун көрсөттүк.

Ачык маалымат булактардагы көрсөткүчтөргө көз салып, эмереги бар бир бөлмөлүү батирдин январдагы баасы төмөнкүдөй экенин билдик:

  • 104-серия — 15 600 сом (12 000ден 18 000 сомго чейин);
  • 105-серия — 15 100 (12 500 - 25 500);
  • 106-серия — 16 900 (12 000 - 25 400);
  • жеке типтеги батир — 14 700 (12 000 - 23 700);
  • "элиткалар" — 25 200 (11 000 - 42 400);
  • мейманкана тибиндеги батир — январда варианттары болгон жок.

Эмерексиз:

  • 104-серия — 14 600 сом (13 000ден 16 900 сомго чейин);
  • 105-серия — 14 200 (12 000 - 16 000);
  • 106-серия — 13 300 (11 000 - 18 000);
  • жеке типтеги батир — 11 200 (8 000 - 21 100);
  • "элиткалар" — 15 800 (13 500 - 18 000);
  • мейманкана тибиндеги батир — 6 800 (5 000 - 10 000).

Эмереги бар эки бөлмөлүү батирдин ижара акысы:

  • 104-серия — 18 600 сом (16 000ден 21 200 сомго чейин);
  • 105-серия — 19 200 (14 000 - 42 400);
  • 106-серия — 20 000 (15 000 - 40 000);
  • жеке типтеги батир — 20 300 (15 000ден 29 700 сомго чейин);
  • "элиткалар" — 33 500 (17 000ден 59 000 сомго чейин).

Эмерексиз:

  • 104-серия — 17 300 сом (15 000ден 20 000 сомго чейин);
  • 105-серия — 15 300 (от 12 000 до 18 000);
  • 106-серия — 18 300 (от 15 000 до 22 000);
  • жеке типтеги батир — январда варианттар болгон жок;
  • "элиткалар" — январда варианттар болгон жок;

Эмереги бар үч бөлмөлүү батирлердин баасы:

  • 104-серия — 21 100 сом (18 000ден 25 000 сомго чейин);
  • 105-серия — 25 400 (18 000 - 80 600);
  • 106-серия — 24 400 (20 000 - 34 800);
  • жеке типтеги батир — 29 500 (15 000 - 42 200);
  • "элиткалар" — 47 800 (21 000 - 99 600).

Эмерексиз:

  • 104-серия — 18 900 сом (18 000ден 20 000 сомго чейин);
  • 105-серия — январда варианттар болгон жок;
  • 106-серия — январда варианттар болгон жок;
  • жеке типтеги батир — январда варианттар болгон жок;
  • "элиткалар" — январда варианттар болгон жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0