Мамлекет өткөн жылы аңчылыктан канча акча тапты? Инфографика

Жазылуу
Жыл сайын ондогон чет мамлекеттин жарандары Кыргызстанга  аңчылык кылууга келет. Ал үчүн өкмөт токтом кабыл алып, тиешелүү жол-жоболорду иштеп чыккан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 2020-жылы кайсы канаттуу, жан-жаныбарлар атылып жана өлкө казынасына канча акча түшкөндүгүн тактап көрдү.

Акыркы 10 жылда түрмөдө жаткан канча кишиге ырайым берилген? - Sputnik Кыргызстан
Акыркы 10 жылда түрмөдө жаткан канча кишиге ырайым берилген? Инфографика
Республика аймагында аңчылык сезону август айынын экинчи ишембисинде башталып, декабрдын биринчи жекшембисине чейин уланат. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалыматына ылайык, 2020-жылы чет элдиктерге 25 аркар-кулжа, 34 тоо теке жана беш карышкыр атууга уруксат берилген. Анын ичинен үч карышкыр гана атылган эмес, калгандары толугу олжо болгон. Сырттан келгендер аларды атуу үчүн жалпы 20 миллион 975 миң сом төлөгөн.

Андан сырткары, жергиликтүү тургундар спорттук максатта беш миллион 835 миң 910 сомго аңчылык кылып, улар, каман, бөдөнө, коён, өрдөк, кекилик, кашкулак, элик, тоо теке, түлкү атышкан.

Жалпы 2020-жылы аңчылыктан 26 миллион 810 миң 910 сом түшкөн. Ал каражаттардын 25 пайызы жаныбар олжолонгон аймактын жергиликтүү казынасына, 35 пайызы аңчылык чарбасына, калганы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинде калат.

Ал эми 2019-жылы чет өлкөлүктөр Кыргызстандан 31 аркар-кулжа, 262 тоо теке, беш элик жана үч карышкыр олжолоп, 106 миллион 24 миң 570 сомго уруксат кагаздарын алган.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда аңчылыкты уюштурган 45 чарба бар. Алардын тогузу коомдук, бирөө мамлекеттик жана калган отуз беши жеке жактарга карайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0