Кыргызстанда майды аз ичкен автоунаалардын наркы кандай өзгөрдү? Инфографика

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан автоунаа базарындагы бааларды талдап, эң көп сатылган чакан автокөлүктөрдүн орточо наркы кандайча өзгөргөнүн билип көрдү.

Инфографикада автоунаалардын эң көп чыгарылган жылы көрсөтүлгөн. Талдоо 2020-жылдын 3-декабрынан 2021-жылдын 22-январына чейинки аралыкта autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарындагы маалыматтардын негизинде жүргүзүлгөн (көрсөткүчтөр дээрлик окшош).

Окурмандарга ыңгайлуу болуш үчүн ар бир автоунаанын орточо наркы өлкөнүн Улуттук банкынын 22-январда аныкталган курсу (бир доллар 84,7 сом) боюнча жүргүзүлдү.

Көп сатылган алдыңкы топ-9га төмөнкүлөр кирди:

  • Daewoo Matiz;
  • Honda Fit;
  • Lada 2107;
  • Toyota IST;
  • Hyundai Getz;
  • Volkswagen Golf;
  • Chevrolet Spark;
  • Honda Civic;
  • Toyota Prius.

Тизмеде Lada 2107 унаасы дагы деле эң арзан болуп калууда: 2001-жылы чыккан машина 1 100 доллар, акыркы бир нече айда ал 80 долларга арзандаган. Жеткиликтүүлүгү жагынан экинчиге Daewoo Matiz чыкты. 2001-жылда чыккан унаа базарда 1 700 долларга сатылууда. Декабрда анын баасы 70 долларга кымбаттаган.

Toyota Prius күйүүчү майды аз талап кылган эң кымбат унаа катары эсептелет. 2010-жылы чыгарылган машина 9 500 доллар турат. Декабрдан тарта баа 356 долларга жогорулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0