Садыр Жапаров кайсы аймактарда көп добуш алды. Электрондук урнанын эсеби картада

Жазылуу
Кыргызстандын ар бир районунда президенттик шайлоо кандай өткөнүн Sputnik агенттигинин интерактивдүү картасынан көрүп-билсеңиз болот.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 10-январда өттү. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады. Sputnik өлкөнүн ар бир районунда кандай добуш берилгени көрсөтүлгөн интерактивдүү карта даярдаган. Андан тигил же бул талапкер ар бир район же шаарда канча добушка ээ болгонун көрүүгө болот.

Инфографикада көрсөтүлгөн маалымат шайлоонун расмий жыйынтыгы болуп эсептелбей турганын эске сала кетели.

Президенттикке 17 киши ат салышкан. Кезексиз шайлоо өткөрүү чечими мурунку өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун отставкасынан кийин кабыл алынган болчу. Президенттик шайлоо менен бирге башкаруу формасы аныктала турган референдум да өттү.

Шайлоо жана референдумду өткөрүү үчүн 2 474 участок даярдалган, анын 48и чет өлкөдө.

Жалпы жонунан биометрикалык маалымат тапшырган 3 миллион 563 миң 574 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ болгон.

Президенттик шайлоонун жүрүшүн жана алдын ала жыйынтыгын, ошондой эле башка маанилүү маалыматтарды Telegram-каналына жарыялап турабыз.

Жаңылыктарды орус тилиндеги Telegram-каналдан да окуп турууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0