Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы. Автоматтык урналардын эсеби

Жазылуу
Автоматтык урналардын эсеби менен чыккан президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын Sputnik агенттигинин улам жаңыланып турган инфографикасынан көрүүгө болот.

Кыргызстанда өтүп жаткан президенттик шайлоонун автоматтык урналардын санагы менен чыккан алдын ала жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялап турат. Инфографикада көрсөтүлгөн маалымат шайлоонун расмий жыйынтыгы болуп эсептелбейт. Акыркы бүтүм добуштардын баары кол менен саналып чыккандан кийин гана белгилүү болот.

Бишкектеги шайлоо участогунда добуш берүү учурунда киши - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум аяктады
Президенттикке 17 киши ат салышууда. Кезексиз шайлоо өткөрүү чечими мурунку өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун отставкасынан кийин кабыл алынган. Президенттик шайлоо менен бирге башкаруу формасы аныктала турган референдум да өтөт.

Шайлоо жана референдумду өткөрүү үчүн 2 474 участок даярдалган, анын 48и чет өлкөдө.

Жалпы жонунан биометрикалык маалымат тапшырган 3 миллион 563 миң 574 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ.

Президенттик шайлоонун жүрүшүн жана алдын ала жыйынтыгын, ошондой эле башка маанилүү маалыматтарды Telegram каналына жарыялап турабыз.

Жаңылыктарды орус тилиндеги Telegram-каналдан да окуп турууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0