Бишкекте декабрда батирлер канчага бааланды. Инфографика

Жазылуу
Борбор калаадагы батирлер ноябрь айына салыштырмалуу арзан болуп калды. Декабрда батирлердин эки гана түрү кымбаттады.

104-сериядагы бир бөлмөлүү батирлердин баасы 400 долларга, ал эми жеке типтеги үч бөлмөлүү батирлердин наркы 200 долларга көтөрүлдү.

Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн бир бөлмөлүү, эки бөлмөлүү жана үч бөлмөлүү турак жайлардын ар кандай түрлөрүнүн баасы кандайча өзгөргөнүн, орточо наркын, тагыраагы, 104, 105 жана 106-сериядагыларды, "хрущёвкаларды" жана жеке курулуш түрүндөгү батирлерди көрсөттүк.

Кыргызстанда тигүү тармагынын абалы кандай - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын тигүү тармагындагы каатчылык. Инфографика
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ай сайын Бишкектеги батирдин ижара акысына ачык маалыматтар аркылуу байкоо салып турат. Бул материалды даярдоодо 1475 жарыя каралды.

Ноябрь айына салыштырмалуу декабрда Бишкекте батирди арзан сатып алууга мүмкүн болду. Мисалы, 105-сериядагы бир бөлмөлүү батирдин орточо баасы 900 долларга, ал эми 106-сериядагысы 300 долларга төмөндөгөн. 105-сериядагы эки бөлмөлүү батирди 1 300 долларга, ал эми жеке жайгашуу түрү менен 3 200 долларга арзан алууга шарт түзүлдү.

Декабрда батирлердин эки гана түрү кымбаттады. 104-сериядагы бир бөлмөлүү батирлердин баасы 400 долларга, ал эми жеке типтеги үч бөлмөлүү батирлердин наркы 200 долларга көтөрүлгөн. Мындан бир бөлмөлүү "хрущёвкалардын" орточо баасы гана өзгөргөн жок.

Ачык булактар боюнча декабрь айында бир бөлмөлүү батирдин орточо баасы:

104-серия — 30 600 доллар (25000 доллардан 36 500 долларга чейин);

105-серия — 28 400 (21 000ден 37 500гө чейин);

106-серия — 32 200 (24 000ден 39 500гө чейин);

"хрущёвкалар" — 26 600 (21 000ден 33 500гө чейин);

жеке түрү — 29 000 (17 000ден 53 000ге чейин).

Эки бөлмөлүү батирдин орточо баасы:

104-серия — 36 100 (27 500 доллардан 46 000 долларга чейин);

105-серия — 40 700 (30 000ден 51 000ге чейин);

106-серия — 43 900 (34 000ден 56 500гө чейин);

"хрущёвкалар" — 32 500 (28 800дөн 41 600гө чейин);

жеке түрү — 38 100 (15 500дөн 106 600гө чейин).

Үч бөлмөлүү батирдин орточо баасы:

  • 104-серия — 44 100 (33 500 доллардан 56 500 долларга чейин);
  • 105-серия — 50 800 (36 500дөн 86 500гө чейин);
  • 106-серия — 56 500 (41 500дөн 76 500гө чейин);
  • "хрущёвкалар" — 40 100 (33 500дөн 47 500гө чейин);
  • жеке түрү — 56 500 (31 500дөн 158 000ге чейин).
Жаңылыктар түрмөгү
0