Бишкекте ижарага берилчү батирлердин декабрдагы баасы. Инфографика

Жазылуу
Ноябрь айына салыштырмалуу 105-сериядагы бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы өссө, эки бөлмөлүү батирлер арзандаган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ай сайын Бишкектеги батирдин ижара акысына ачык маалыматтар аркылуу байкоо салып турат.

Бул материалды даярдоодо 1400 жарыя каралды. Ноябрь айына салыштырмалуу 105-сериядагы бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы өстү. Тагыраагы, эмереги бар батирди ижаралоо 800 сомго, эмереги жогу 1300 сомго кымбаттаган. Ал эми эмерек коюлган "элиткаларды" өткөн айга караганда 5000 сомго арзан табууга болот.

Бишкек менен Оштогу батирлердин ижара акысы  - Sputnik Кыргызстан
Бишкек менен Ошто ижарага берилчү батирлердин ушул аптадагы баасы. Инфографика
Орто эсеп менен алганда, эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин ижара акысы арзандаган. 105 жана 106-сериядагы эки бөлмөлүү батирлердин ортосундагы айырма 800 сомду түздү. Эки бөлмөлүү "элиткаларды" 10 500 сомго чейин арзан табууга мүмкүн болду.

Белгилей кетсек, бул айда кыймылсыз мүлк рыногуна 106-сериядагы, жеке типтеги жана "элитакалардагы" эмереги жок үч бөлмөлүү батирлер чыккан жок.

Окурмандарга ыңгайлуу болсун деп түрдүү типтеги батирлердин ижара акысынын диапазонун жана орточо баасын көрсөттүк.

Ачык булактардагы маалыматка караганда, декабрда эмереги бар бир бөлмөлүү батирдин баасы:

  • 104-серия — 13 400 сом (10 000ден 20 000 сомго чейин);
  • 105-серия — 14 600 (11 000ден 20 500гө чейин);
  • 106-серия — 14 700 (10 000ден 22 000ге чейин);
  • жеке типтеги батир — 14 700 (12 000ден 25 000ге чейин);
  • "элиткалар" — 21 300 (14 000ден 34 800гө чейин);
  • мейманкана тибиндеги — декабрда варианттар болгон жок.

Эмереги жок:

  • 104-серия — 12 900 сом (10 000ден 15 000 сомго чейин);
  • 105-серия — 13 300 (10 000ден 18 000ге чейин);
  • 106-серия — 11 400 (10 000ден 14 000ге чейин);
  • жеке типтеги батир — 12 200 (9 000ден 17 000гө чейин);
  • "элиткалар" — 17 000 (10 000ден 23 000ге чейин);
  • мейманкана тибиндеги — 7 420 (6 000ден 10 000ге чейин).

Эмереги бар эки бөлмөлүү батирдин ижара акысы:

  • 104-серия — 18 000 сом (14 000ден 30 000 сомго чейин);
  • 105-серия — 18 800 (13 000ден 28 200гө чейин);
  • 106-серия — 19 800 (15 000ден 25 900гө чейин);
  • жеке типтеги батир — 24 100 (12 000ден 56 000ге чейин);
  • "элиткалар" — 30 500 (18 000ден 69 700гө чейин).

Эмереги жок:

  • 104-серия — 15 200 сом (13 000ден 20 000 сомго чейин);
  • 105-серия — 15 200 (13 000ден 23 200ге чейин);
  • 106-серия — 21 300 (10 000ден 24 000ге чейин);
  • жеке типтеги батир — 16 500 (10 000ден 31 300гө чейин);
  • "элиткалар" — 27 300 (17 000ден 39 600гө чейин).

Эмереги бар үч бөлмөлүү батирлердин баасы:

  • 104-серия — 22 300 сом (18 000ден 30 000 сомго чейин);
  • 105-серия — 21 900 (18 000ден 38 300гө чейин);
  • 106-серия — 29 500 (20 000ден 69 700гө чейин);
  • жеке типтеги батирлер — 29 500 (22 000ден 55 700гө чейин);
  • "элиткалар" — 43 600 (20 900дөн 125 400гө чейин).

Эмереги жок:

  • 104-серия — 21 000 сом (12 000ден 25 500 сомго чейин);
  • 105-серия — 19 500 (16 000ден 25 400гө чейин);
  • 106-серия — декабрда варианттар болгон жок;
  • жеке типтеги батирлер — декабрда варианттар болгон жок;
  • "элиткалар" — декабрда варианттар болгон жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0