Президенттикке талапкерлердин бою жана салмагы. Рейтинг

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан редакциясы президенттикке талапкерлер менен тааныштыруусун улантат. Бул ирет өлкө башчысы болом дегендердин бою жана салмагы кандай экенин инфографикада көрсөтүп беребиз.

Президенттик шайлоого бир айдан азыраак убакыт калды. 10-январь күнү кыргызстандыктар жаңы өлкө башчы шайлап, аны менен катар өлкөнү башкаруу формасын тандашат.

Добуш берип жаткан шайлоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президенттик шайлоо: талапкерлердин бюллетендеги номери аныкталды
Шайлоо кампаниясы кызуу жүрүп, талапкерлер элдин көңүлүн бурууга аракет кылып жатканда Sputnik Кыргызстан алардын бою жана салмагы тууралуу маалымат чогултту.

Маалыматтар талапкердин өздөрүнөн же штаб кызматкерлеринен алынды. Инфографикада бардык 18 талапкер (25-декабрга карата) көрсөтүлгөн.

Эске салсак, Sputnik Кыргызстан 2017-жылкы президенттик шайлоодо дагы талапкерлер тууралуу дал ушундай макала даярдаган.

Ал эми бул ирет талапкерлердин балдары, жубайы, билими, шайлоо фондуна канча каражат салгандыгы тууралуу билип көрдүк.

Жаңылыктар түрмөгү
0