Кыргызстандын тигүү тармагындагы каатчылык. Инфографика

Жазылуу
Улуттук статистика комитетинин отчетуна караганда, Кыргызстандан чыгарылган кийимдердин экспорту 40 пайызга төмөндөп кетти. Биз өлкө экономикасындагы эң маанилүү багыттардын бири болгон жеңил өнөр жай тармагынын абалын билүү үчүн сандарга баам салдык.

Ал үчүн Sputnik агенттигинин кабарчылары Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын изилдеп көрдү.

Ведомствонун маалыматына караганда, текстиль боюнча өндүрүш 2020-жылдын 10 айында 22 пайызга төмөндөп кеткен (өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу). Кыргызстандан чыгарылган кийимдин экспорту 39 пайызга кыскарган.

Кездеменин көпчүлүк бөлүгү Кыргызстанга Кытайдан алып келинет. Мисалы, өлкөдөгү синтетикалык кездемелердин 99 пайызы Кытайдан келет. Бирок пандемияга байланыштуу бир нече айдан бери товар жеткирүүдө кыйынчылыктар болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0