Билгенден биле элегибиз көп. Ири айыпка жыга турчу 8 жорук тууралуу инфографика

Жазылуу
Эгер жетекчи кол алдындагы кызматкерин кош бойлуу болгону үчүн гана иштен алып салса, ал 30-60 миң сом айыпка жыгылат. Кыргызстандын Жоруктар кодексинде дагы кандай беренелер каралганын Sputnik даярдаган инфографикадан көрүңүз.

Былтыр жыл башында Кыргызстанда бир нече жаңы мыйзам, анын ичинде Жоруктар тууралуу кодекстер күчүнө кирген. Бул кылмыш-укуктук системаны ийкемдүү кылуу максатында иштелип чыккан. Ушул жылы жайында мыйзам шайлоо боюнча эки берене менен толукталды.

Жол эрежесин бузууга салынган айыптардын көлөмү кантип өзгөрдү? Инфографика

КРдин Жоруктар кодексинде майда кылмыштар боюнча 187 берене камтылган. Редакция 60 миң сомго чейин айып карап, соттотууга алып барбаган беренелерди карап чыкты.

Маанилүү учур: инфографикада айып пулдун өлчөмү жана чоңдор үчүн коомдук жумуштун узактыгы көрсөтүлөт. 18 жашка чейинки тартип бузуучуларга жеңил жаза колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0