Кыргызстанда кайсы улуттун өкүлдөрү азая баштады. Инфографика

Жазылуу
Акыркы беш жылда жалпы жонунан кыргызстандыктардын саны көбөйгөн, анткен менен айрым этностор азайгандан азайып баратат.

Кыргызстандагы ар улуттун өкүлдөрүнүн саны акыркы беш жылда кандай өзгөргөнүн Sputnik агенттигинин кабарчылары Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын карап билип көрдү.

Ведомствонун маалыматына караганда, орустардын саны тездик менен азаюуда. Беш жылдын ичинде алардын саны 20 миңге кыскарган. Украиналыктар дагы азайганы байкалды, жалпы жонунан 3,5 миң кишиге кемиген.

Статком: Кыргызстанда эркектерге караганда билимдүү аялдар көп

Тизмеге ошондой эле немистер, беларустар, еврейлер, молдавандар, эстондор, латыштар, армяндар, грузиндер жана литвалыктар кирди.

Ал эми кыргыздардын саны жыл сайын өсүп жатат. Беш жылдын ичинде жарым миллионго көбөйгөн. Өзбектерге болсо 107 миң адам кошулду.

Мындан сырткары, дунгандар, тажиктер, уйгурлар, түрктөр, казактар, азербайжандар, татарлар, кореецтер, түркмөндөр жана чечендер көбөйгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0