Кыргызстанда көпчүлүктү кызыктырган автоунаалар канчадан сатылууда. Саресеп

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан базарларда көпчүлүктү кызыктырган автоунаалардын баасына саресеп салып көрдү. Анын алкагында Кыргызстанда суроо-талап жогору болуп турган 10 машинанын баасы кандай өзгөргөнүн биле алдык.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, калк арасында эң популярдуу жеңил автоунаалар төмөнкүлөр:

  • 5-сериядагы BMW;
  • Daewoo Matiz;
  • Daewoo Nexia;
  • Honda Accord;
  • Honda CR-V;
  • Honda Fit;
  • Honda Odyssey;
  • Mercedes-Benz E-класс;
  • Toyota Camry;
  • Volkswagen Passat.

Sputnik темир тулпарлардын наркын autobaza.kg, cars.kg жана turbo.kg ресурстарына көз чаптырып биле алды. Үч сайтта тең баалар бири-биринен өтө деле айырмаланбайт. Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн ар бир автокөлүктүн орточо баасын эсептеп чыгардык. Биринчи талдоо 2-октябрда, экинчиси 9-октябрда жүргүзүлдү.

Бишкек менен Оштогу батирлердин ижара акысы. Акыркы маалымат

Бир жуманын ичинде көпчүлүк машиналардын баасы өзгөргөн эмес. Болгону 5-сериядагы BMW унаасы 169 долларга, Toyota Camry 67 долларга кымбаттаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0