Кайсы партия жаштарды көбүрөөк чогултту? Жаш курак боюнча инфографика

Жазылуу
Алдыдагы парламенттик шайлоого аттангандардын эң кичүүсү 21 жашта болсо, аксакалы 80ди таяп калгандар. Талапкерлердин жаш курагы тууралуу жана башка кызыктуу маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан ала аласыздар.

Sputnik Кыргызстандын кабарчылары Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жарыялаган тизмеге талдоо жүргүзүп, партиядагы талапкерлердин орточо жаш курагын эсептеп чыкты.

Ага ылайык, "Бир Бол" эң жаш партия экени белгилүү болду, анын талапкерлеринин орточо курагы 37 жашты түзөт.

Артында "Реформа" менен "Ата Мекен" турат. Булардын орто жашын эсептегенде 38-39 жашты көрсөттү.

Баары 21де. Жогорку Кеңешке аттанган эң жаш 10 талапкердин билими, иштеген жери

Андан кийинки партиялардын "жашы чоңоюп" кете берет. "Социал-демократтардын" орточо курагы 46 жаш. Ал эми "Мекен ынтымагы", "Кыргызстан" жана "Биримдик" партияларынан депутат болууга ниеттенип жаткандардын орточо курагы 45 жашты түзөт.

Партиялардын жарымынан көбүндө жок дегенде бирден 21 жаштагы талапкери бар. Ошол эле учурда "Мекен ынтымагы" партиясынын тизмеси менен 80 жаштагы киши ат салышууда.

Баса, редакция кайсы партия катарына бекерпоздорду көбүрөөк чогултканы туурасында да инфографика жасады.

Жаңылыктар түрмөгү
0