Пандемия башталгандан берки алгачкы жолугушуу. ЕАЭБ тууралуу инфографика

Жазылуу
Бүгүн, 17-июлда, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери Евразиялык өкмөт аралык жыйынга чогулушту. Иш-чара онлайн эмес, кадимки форматта Минск шаарында өтүп жатат. Бул — COVID-19 пандемиясы башталгандан берки алгачкы жолугушуу.

Жыйынга Кыргызстан, Россия, Белоруссия, Казакстан, Армения жана Молдова өлкөлөрүнүн премьер-министрлери катышууда. Анда өкмөт башчылары соода, ички рыноктун иштөө механизми, атаандаштык жана өндүрүш маселелерин талкуулашмакчы.

Ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы бир катар көйгөйлөр каралып, ЕАЭБ өлкөлөрүндө коронавирустун жайылуусун токтотуу маселесине токтолушат.

Кубатбек Боронов ЕАЭБ жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына учуп кетти

Мындан сырткары, премьер-министрлер Жерди аралыктан зонддоонун негизинде геомаалымат жана космос кызматтарын жеткирүү боюнча кызматташуунун мамлекеттер аралык программасынын долбоорун карашат.

Саммитте ЕАЭБдин айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана Биримдикти индустриялаштыруу маселеси да талкууланат.

Евразия экономикалык комиссиянын маалымат кызматы билдиргендей, жыйынга катышуудан тышкары Биримдиктин өкмөт башчылары Белоруссия жетекчилиги менен жолугушат.

ЕЭК Кыргызстандын өнүктүрүү институтун түзүү демилгесин карап чыкты

Евразия экономикалык биримдиги 2015-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө анын курамында Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россия мамлекеттери бар. Молдова байкоочу өлкө катары жыйындарына катышып келет. Мындан сырткары, Өзбекстан дагы ЕАЭБге байкоочу статусун алышы ыктымал.

2019-жылга карата ЕАЭБ калийи бар жер семирткичтерин өндүрүү боюнча дүйнөдө 1-орунда, ал эми газ жана мунай өндүрүү жагынан экинчи орунда турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0