13:40 07 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Инфографика

Топ-5. ЕАЭБде суроо-талап жогору болгон кыргыз товарлары

Кыскача шилтеме алуу
309 0 0

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттогон аялдар көйнөгүнөн түшкөн киреше беш эсе көбөйгөнүн билесизби? Союздаш мамлекеттерде Кыргызстандын дагы кайсы товарлары популярдуу экенин биздин инфографикадан көрүңүз.

Былтыркы жылы Кыргызстан ЕАЭБге экспорттогон товарлардын көлөмү 621 миллион доллардан ашкан. Бул боюнча Евразия экономикалык коллегиясынын статистика департаментинин 2019-жылдын январь–декабры боюнча отчётунда айтылат.


Маалыматка караганда, ЕАЭБге эркектердин кийимин саткандан түшкөн акча жети эсеге, аялдардын көйнөгүнөн түшкөн акча беш эсеге өскөн.
Кыргыз жүзүмүнүн экспорту 4,3 эсеге көбөйүп, 7 миллион доллар алып келди. Картошка сатуу боюнча дагы жакшы көрсөткүчтөр (3,5 эсе) болду. Ошондой эле трикотаж майка менен фуфайкаларга суроо-талап жогору болду, тагыраагы, 2,6 миллион долларга сатылды.
Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан ЕАЭБдин башка өлкөлөрү сыяктуу социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча алдыга жылды.
Мисалы, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү дээрлик жети пайызга өстү. Мындан тышкары, курулуш, товар айлантуу, айыл чарба продукциясын өстүрүү, инвестиция жана негизги капитал тармактары дагы артта калган жок.
Жалпы ЕАЭБ боюнча айта турган болсок, 2019-жылы өнөр жай өндүрүшү 1,2 триллион доллар киреше алып келип, 2018-жылкы көрсөткүчтөн 2,5 пайызга жогору болду. Мунун ичинен ири жетишкендик (63 пайыздан көбүрөөк) кайра иштетүү өнөр жайына таандык.
Бул менен катар агрардык өндүрүш тармагы мурдагы жылга салыштырмалуу 3,4 пайызга өсүп, 120 миллиард доллар алып келди. Кулак сүйүнткөн жыйынтыктар курулуш жаатында дагы байкалат. ЕАЭБ курамындагы өлкөлөр аймагында былтыр 98 миллион чарчы метр (2018-жылга салыштырмалуу 4,4 пайызга көп) турак жай колдонууга берилди.

Белгилер:
курулуш, соода, экономика, Евразиялык экономикалык биримдик, Кыргызстан

Дагы инфографика

  • Акыркы жаңылоо: 09:25 05.06.2020
    09:25 05.06.2020

    Кыргызстандагы айдоочулар тууралуу кызыктуу фактылар

    Кыргызстанда рулга отурган эркектер менен аялдардын саны канча, кайсы курактагылар автоунаа айдоону үйрөнүүгө көбүрөөк кызыгат. Sputnik Кыргызстан дал ушул темада инфографика даярдады.

    212
  • Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргызстандыктар тууралуу кызыктуу 10 факт
    Акыркы жаңылоо: 14:00 09.05.2020
    14:00 09.05.2020

    Фашисттер кыргыздын чебер аткычын жок кылышкан. Согуш тууралуу 10 факт

    Кыргызстандыктардын согуш учурундагы жашоо-турмушу тууралуу тереңирээк билүү үчүн Sputnik агенттигинин кабарчылары эски гезиттерди барактады. Жыйынтыгында согуш жылдарындагы Кыргыз ССРи жөнүндө мурда белгисиз 10 факт топтолду.

    1368
  • Кыргызстандыктар Улуу Ата Мекендик согушта кантип салгылашкан
    Акыркы жаңылоо: 14:01 07.05.2020
    14:01 07.05.2020

    Жүрөк тилген видео! Аталардын Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиги

    Гитлердик армия Советтер Союзуна “бул жактагылар адам эмес, аларды аябастан атуу керек” деген ой менен чабуул койгон. Алардын мындай ой жүгүртүүсүнүн туура эмес экенин далилдөө үчүн миллиондогон киши өмүрү менен кош айтышты.

    1337
  • Лонгрид: Автоунаанын баасы кескин арзандайбы? Серепчилердин пикири
    Акыркы жаңылоо: 16:54 24.04.2020
    16:54 24.04.2020

    Автоунаанын баасы кескин арзандайбы? Серепчилердин пикири

    Жергиликтүү автомобилдик рынокто баалар кандай өзгөрдү? Темир тулпарды кайсы маалда сатып алган оң? Бул суроолорго атайын окурмандар үчүн эксперттер жооп берди. Баса, макалада адистердин божомолу гана чагылдырылганын эскертебиз.

    3115

ЭҢ МААНИЛҮҮ