Кыргызстандын күлү бир жерге додо болбогон министрлери. 5 жылдын графиги

Жазылуу
Акыркы беш жылда саламаттык сактоо жана тышкы иштер министрлери бир эле жолу алмашканын билесизби? Өлкөнүн башка министрликтериндеги абал кандай экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыз.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнүн курамы кайрадан өзгөрүүгө учурады. Тагыраагы, өзгөчө кырдаалдар министри болуп мурдагы вице-премьер-министр Замирбек Аскаров дайындалды. Ал эми бошоп калган вице-премьерлик орунга Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеп келген Эркин Асрандиев келди.

Белгилеп кетчү жагдай, ӨКМ башкалардан туруктуулугу менен айырмаланып келет. Акыркы беш жылда анын жетекчилиги болгону эки ирет алмашты.

Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кыздардан жигиттер көп. Жаштар боюнча статистика
Бул убакыт аралыгында көбүнесе экономика министри көп ирет алмашкан (беш жолу). 2015-жылдын май айында ведомствону Олег Панкратов жетектесе, декабрда анын ордуна Арзыбек Кожошев келген. Ал бир жарым жыл эмгектенген. Кийин Артем Новиков министр болуп дайындалса, бир жылга жетпеген убакыт аралыгында жетекчилик рулга кайрадан Панкратов отурду. 2019-жылдын май айында болсо Санжар Мукамбетов экономика министри болуп дайындалды.

Дээрлик ушундай эле ылдамдык менен юстиция министри дагы алмашып жатты. Кызматта эң аз мөөнөт турган Айнура Абдылдаева болду. Ал ведомствону бир нече ай гана башкарды. Кийин анын ордуна Марат Жаманкулов дайындалып, бүгүнкү күнгө чейин жетектеп жатат.

Транспорт жана жолдор министри дагы алмашпай койгон жок. 2016-жылы Аргынбек Малабаев иштен кетип, ордуна Замирбек Айдаров келди дагы кызматта жарым жылдай гана кармалды. Кийинкисинде Жамшитбек Калилов министр болсо, эки жылдан соң ордун Жанат Бейшенов алмаштырды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги "эң туруктуу" ведомстволордун бири болду көрүнөт. Аны төрт жыл бою Талантбек Батыралиев жетектесе, 2018-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Космосбек Чолпонбаев башкарып жатат.

Ушундай эле көрсөткүч Тышкы иштер министрлигинде байкалды. Эрлан Абдылдаев алты жыл жетекчилик кызматта турду. Кийин ордуна Чыңгыз Айдарбеков келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0