Түрмөдө отурган бир адамды багууга канча акча коройт? Инфографика

Жазылуу
Өлкөдөгү жаза аткаруу мекемелеринде учурда 6000ден ашык адам кармалууда. Аларды тамак-аш, кийим-кече, дары-дармек менен камсыздоо үчүн мамлекет бир миллиард сомдон ашык каражат бөлөт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги эркинен ажыратылган бир кишини багууга канча каражат кете тургандыгын тактап көрдү.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, өлкөдө 27 жаза аткаруу мекемеси бар. 2019-жылы ал жакта кармалган 1700дөн ашык адам түрмөлөрдөгү өндүрүш ишканаларында эмгектенген. Жыл сайын ар бир камактагы адамга орточо 20-30 миң сомдой акча коротулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0