22:15 21 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863
Инфографика

Кыргызстанда бир жыл ичинде кымбаттаган 10 товар. Тизме

Кыскача шилтеме алуу
476 0 0

Баасы кымбаттаган 10 товардын катарына ата-энелер өзү жана балдары үчүн сатып алган төрт товар кирди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бир жыл ичинде азык-түлүккө кирбеген товарлардын кайсы түрү сезилээрлик кымбаттаганын билип көрдү. Тизме Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынын негизинде түзүлдү.

Рейтингдин биринчи сабына балдардын коляскасы илинди. Бөбөктөр үчүн керектүү бул каражат бир жыл ичинде миңден ашык сомго жогорулаган (28 пайыз). 2018-жылдын ноябрь айында кыргызстандыктар колясканы 3 906 сомго сатып ала алса, 2019-жылдын ноябрында бул буюмдун баасы 4 995 сомду түзгөн.

Булгаарыдан жасалган аялдардын шиш такасынын баасы 23 пайызга жогорулаган. Бут кийимдин баасы орто эсеп менен алганда 500 сомго кымбаттаган.

Үчүнчү сапта феноксиметилпенициллин антибиотиги турат. Мурда анын 10 таблеткасы 32 сомдон сатылса, 2019-жылдын ноябрында 37 сом болгон. Адамдар бул антибиотикти инфекциялык оорулардан, мисалы, ангина же бронхиттен арылуу үчүн колдонушат.

Баасы кымбаттаган башка товарлардын тизмесин инфографикадан караңыздар.

Тема боюнча

Үйдүн эң арзаны кайда сатылат? Кыргызстандыктар үчүн рейтинг
ЕАЭБде сатылган Кыргызстандын эң кымбат 5 азыгы
Кыргызстандын кайсы жеринде арзан бензин сатылат. Шаар, айылдардын рейтинги
Белгилер:
оюнчук, баа, товар, Кыргызстан

Дагы инфографика

  • Акыркы жаңылоо: 17:58 21.02.2020
    17:58 21.02.2020

    Канчадан? 21-февралга карата азык-түлүктүн баасы

    Ар жума сайын базарлардагы жана супермаркеттердеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Жалал-Абад шаарларындагы бааларды салыштырып көрдүк.

    43
  • Акыркы жаңылоо: 09:54 21.02.2020
    09:54 21.02.2020

    Кыргызстанда там салуу канча турат?

    Өткөн жылы өлкөдө 8,5 миң жеке турак жай курулгандыгынан кабарыңыз барбы? Бул мурдагы жылга караганда 7 пайызга көп. Кыргызстанда канча сомго там салууга болорун төмөнкү инфографикадан көрөсүз.

    424
  • Акыркы жаңылоо: 20:49 17.02.2020
    20:49 17.02.2020

    Кыргызстандын күлү бир жерге додо болбогон министрлери

    Акыркы беш жылда саламаттык сактоо жана тышкы иштер министрлери бир эле жолу алмашканын билесизби? Өлкөнүн башка министрликтериндеги абал кандай экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыз.

    268
  • Акыркы жаңылоо: 18:18 14.02.2020
    18:18 14.02.2020

    Канчадан? 14-февралга карата азык-түлүктүн баасы

    Ар жума сайын базарлардагы жана супермаркеттердеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Нарын шаарындагы бааларды салыштырып көрдүк.

    104

ЭҢ МААНИЛҮҮ