Ысык-Көлдө там-таш канча турат. Баалардын графиги

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан Көл жээгинин кайсы жагынан арзан үй сатып алууга мүмкүн болорун көрүүгө болот.

Ысык-Көл облусуна жыл сайын миңдеген турист келет. Sputnik кабарчылары турак жай арзан сатылган жерлерди карап көрдү.

Вручение первых ключей от квартир жильцам нового дома в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик кызматта иштебегендер кантип ипотека алат? Жаңы программа
Эң эле арзан үйлөр Ысык-Көлдүн түндүк-чыгышында жайгашкан Түп айылында экен. Кыймылсыз мүлктүн орточо баасы 11 миң долларды түзөт.

Ал эми эң кымбат турак жай Кара-Ой менен Корумду айылында экени белгилүү болду. Мисалы, Кара-Ойдогу жер тилкеси менен кошо сатылган там 78 миң доллардын тегерегинде.

Баадагы мындай айырманы түшүнүү үчүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы риэлтрлерге кайрылган. Кыймылсыз мүлк боюнча агент Айза Намазбекова нарктагы мындай айырма туристтердин талабына жараша болорун айтып берди.

"Бардыгы талапка жараша болот. Кара-Ой менен Корумдуда популярдуу пансионаттар көп. Тургундар бул жактагы үйлөрүн кийин ишкерликке пайдаланышы мүмкүн деген ой менен сатат. Суроо-талап жогорулай бермекчи", — деди риэлтр.

Адис Ысык-Көлдө кыймылсыз мүлктүн баасына кандайдыр бир божомол айтуу кыйын экенин белгиледи. Көлдүн жээгинен там-таш алууну же үйүн сатууну пландап жаткандар убакытты көпкө созбошу керектиги кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0