Токтогулда 10 миң сөөк кайра көмүлгөн

Жазылуу
Кыргызстандагы эң ири ГЭС деп саналган Токтогул гидроэлектр станциясынын курулушу 12 жылга созулган.

Суу сактагычтын алдында 25тей кыштак калып, гектарлаган айдоо аянттары мелмилдеген сууга көмүлгөн. Азыр аталган гидроэлектр станциясы ата мекендик энергетиканын флагманы. Андагы суунун абалы өлкөдөгү саясий кырдаалдын туруктуулугуна, митинг-пикеттердин болушуна, жада калса, алыскы айылдагы кожойкенин маанайына чейин таасирин тийгизет. Себеби Токтогул ГЭСинен чыккан жарык Кыргызстандын жалпы электр кубатынын 30 пайызын түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0