01:30 15 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.5098
  • EUR87.9814
  • RUB1.0897
Инфографика

2020-жылдагы майрам жана дем алыш күндөр. Календарь

Кыскача шилтеме алуу
6461 0 0

Келе жаткан 2020-жылда Кыргызстанда бери дегенде 13 күн майрам катары кошумча дем алыш болот. Ыңгайлуу болуш үчүн материалдын шилтемесин сактап алыңыз.

Өкмөт дем алыш күндөрдү рационалдуу пайдалануу максатында токтом долбоорун иштеп чыкты.

Документке ылайык, кыргызстандыктар жыл ичинде үч ирет узак дем алышка чыгышат. Тагыраагы, 1-7-январь, 1-5-май жана 7-10-ноябрь. Ата Мекенди коргоочулар күнү, Аялдардын эл аралык майрамы, Нооруз жана Улуу Жеңиш майрамы ишемби жана жекшемби күндөргө туш келгендиктен, дүйшөмбү күнү кыргызстандыктар эс алмак. Бирок андай болбой, ал күндөр 2, 3 жана 6-январга жылдырылат. 

  • 24-февралдагы эс алуу 2-январга жылдырылат;
  • 9-марттагы эс алуу 3-январга жылдырылат;
  • 23-марттагы эс алуу 6-январга жылдырылат;
  • 11-майдагы эс алуу 4-майга жылдырылат.

Ошондой эле Орозо жана Курман айт майрамдарына байланыштуу эки дем алыш берилмекчи. Бирок алардын так күнү азырынча белгисиз.

Өзгөрүүлөр болсо маалымдалат.

Тема боюнча

Майрамдардын арты менен кайсы күндөрү эс алабыз. 2020-жылга берилген календарь
Май айында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алмай болду
Кыргызстандыктар жаңы жылда 7 күн катары менен эс алат
Белгилер:
календарь, майрам, Кыргызстан

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ