08:35 06 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4602
  • RUB1.0946

Кыргызстандын футболчулары 1997-жылы каршылаштарына эң ири эсеп менен утулганын билесизби? Мындай көрүнүш кийин кайталанган эмес. Улуттук курама команда тууралуу ушул жана башка фактыларды Sputnik агенттигинин жаңы инфографикасынан караңыздар.

Эртең, 19-октябрда, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы тажикстандыктар менен беттешет. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо дүйнөлүк чемпионаттын экинчи тандоо турунун алкагында өтөт.

Алдыдагы маанилүү оюнга карата Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз курама командасы тууралуу кызыктуу фактыларды даярдады.

Кыргыз футболунун тарыхындагы ири жеңиш көптөрдүн эсинде. Тагыраагы, Мьянмага каршы оюн жакында эле өтүп, кыргызстандык футболчулар 7:0 эсебинде жеңишке жетти.

Ал эми Кыргызстандын оюнчулары эң ири эсеп менен жеңилген кезди футболдун чыныгы күйөрмандары гана билсе керек. 22 жыл мурда улуттук команда Иранга 0:7 эсебинде утулуп калган. FIFA рейтинги боюнча 1997-жылдын жыйынтыгында 140-орунду ээлеген. Учурда улуттук курама команда 94-сапта турат.

Өткөн жылдын апрель айында болсо Кыргызстан ушул эле уюмдун рейтинги боюнча 75-катарды ээлеген. Бул кыргыз футболунун тарыхындагы эң мыкты көрсөткүч.

Салыштыруу үчүн: 2013-жылдын март айында "Ак-Шумкар" дүйнөлүк рейтингдин 201-сабына түшүп кеткен. Анткен менен ошол жылдын жыйынтыгы боюнча 147-позицияны ээлеген.

Улуттук курама командада эң көп ойногон оюнчу — "Дордой" клубунда тарбияланган Вадим Харченко. Ал бир нече ирет Кыргызстандын чемпиону аталып, эки жолу өлкөнүн мыкты футболчусу  болгон.

Улуттук курама команданын тарыхында эң көп гол киргизген оюнчу — Антон Землянухин. Убагында ал республикадагы эң кымбат футболчу катары эсептелген.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго 18 миң күйөрман батат. Акыркы жолку Япония менен болгон беттеште эл трибунага жык толгон. Бул оюндун сүрөт түрмөгүн Sputnik Кыргызстан агенттигинен көрүңүздөр.

Тема боюнча

"Ак шумкарлар" менен "Самурайлардын" кармашы. Бишкек стадионунан 20 сүрөт
Белгилер:
факты, футбол, Япония, Кыргызстан

Дагы инфографика

  • Акыркы жаңылоо: 13:13 05.12.2019
    13:13 05.12.2019

    2020-жылдагы майрам жана дем алыш күндөр. Календарь

    Келе жаткан 2020-жылда Кыргызстанда бери дегенде 13 күн майрам катары кошумча дем алыш болот. Ыңгайлуу болуш үчүн материалдын шилтемесин сактап алыңыз.

    147
  • Акыркы жаңылоо: 17:00 02.12.2019
    17:00 02.12.2019

    Кыргызстанда эл көп алган автоунаалар

    Бул күздө автомобиль рыногу көп талкуунун башы болду. Sputnik Кыргызстан редакциясы эл кандай автокөлүктөрдү сатып аларына баам салды.

    1467
  • Акыркы жаңылоо: 18:06 29.11.2019
    18:06 29.11.2019

    Канчадан? 29-ноябрга карата азык-түлүктүн баасы

    Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Ош шаарларынын базарларындагы бааларды салыштырып көрдүк.

    81
  • Акыркы жаңылоо: 13:15 27.11.2019
    13:15 27.11.2019

    Алты өлкөнү бириктирген уюмдун тарыхы. Видеобаян

    Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун өнүгүшү жана түзүлүш тарыхы туурасында билип алсаңыз ашыктык кылбайт. Ага Кыргызстанды кошкондо алты өлкө кирген.

    196

ЭҢ МААНИЛҮҮ