18:42 15 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9922
  • RUB1.0933
Инфографика

Кыргызстандын кайсы шаарында ажырашуулар көп болот? Рейтинг

Кыскача шилтеме алуу
989 0 0

Ведомствонун маалыматына караганда, тизмедеги биринчи орунда Ноокат шаары турат. Ал эми эң бекем үй-бүлөлөр Көк-Жаңгакта жашайт.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызстандын кайсы жеринде ажырашуулар көп экенин билүү үчүн Sputnik агенттиги КРдин Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын иликтеп көрдү.

Ар бир ажырашуу каттоодон өткөн 100 никеге эсептелген.

Ведомствонун маалыматына караганда, бул рейтингде биринчи орунда Ноокат шаары турат. Ал жакта 2018-жылы 100 никеге 453 ажырашуу туура келген. Экинчи орунду Кара-Суу ээлеген, мында үйлөнгөндөргө караганда ажырашкандардын саны үч эсе көп. Лидерлер үчилтигин Кемин жыйынтыктады.

Бишкек 15-орунда турат. Борбордо 100 никенин 28и максатына жетпейт. Ошто бул көрсөткүч бир аз төмөнүрөөк — 100 никеде 23 ажырашуу.

Эң бекем үй-бүлөлөр Көк-Жаңгакта. Бул шаарда 100 никеде болгону 15 бүлө бузулат.

 

Белгилер:
статистика, ажырашуу, Кыргызстан

Дагы инфографика

  • Акыркы жаңылоо: 10:03 15.11.2019
    10:03 15.11.2019

    Кыргызстандын кайсы жеринде тамеки чегүүгө тыюу салынган. Инфографика

    Бир подъездде жашаган кошунаңыздын чыга калып тамеки тартканы мыйзам бузгандык экендигин билдиңиз беле?

    223
  • Акыркы жаңылоо: 17:55 08.11.2019
    17:55 08.11.2019

    Канчадан? 8-ноябрга карата азык-түлүктүн баасы

    Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Жалал-Абад шаарларынын базарларындагы бааларды салыштырып көрдүк.

    121
  • Акыркы жаңылоо: 17:00 06.11.2019
    17:00 06.11.2019

    Сиз менен бир чөйрөдө канча кыргызстандык иштейт? Инфографика

    Саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө тармагында иштегендердин саны мамлекеттик башкаруу багытында эмгектенген адамдардай эле экенин билчү белеңиз? Эмгек структурасындагы ушул жана башка кызыктуу фактылар тууралуу Sputnik даярдаган инфографикадан билүүгө болот.

    228
  • Акыркы жаңылоо: 14:10 04.11.2019
    14:10 04.11.2019

    Усубалиев тууралуу айтылбаган 10 факты

    Турдакун Усубалиевдин жашоосунун айрым фактылары узак мезгилге чейин жашыруун болчу. Жылдар өткөндөн кийин гана колуна калем алып, элдин көбү биле бербеген нерселерди ачыктаган.

    1193

ЭҢ МААНИЛҮҮ