Кыргызстанда канча улуттун өкүлдөрү жашайт. Инфографика

Жазылуу
Кыргызстанда жашаган ар бир төрт жарандын үчөөнүн улуту кыргыз. Дагы 15 пайызы өзбектер. Үчүнчү орунда орустар турат — жалпы калктын беш пайызын түзөт.

Улуттук статистика комитети Кыргызстандын аймагында канча улуттун өкүлү жашай турганын аныктады. Ведомствонун маалыматына караганда, 2019-жылга карата өлкөнүн аймагындагы жарандардын саны 6,4 миллионду түздү.

Кыргызстандагы пластикалык операциялардын жана косметологиялык процедуралардын рейтинги  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда суроо-талап күч пластикалык операциялардын рейтинги

Калктын 73 пайызы — этникалык кыргыздар. Дагы 15 пайызынын улуту өзбек. Үчүнчү орунда орустар турат — жалпы калктын беш пайызы.
Кийинки катарларды дунган, уйгур жана тажик улуттары ээлеген, алардын ар биринин саны бир пайызды түзөт. Ошондой эле Кыргызстанда түрктөр, казактар, татарлар, азербайжандар, немецтер, түркмөндөр, чечендер, белорустар жана башкалар жашайт.
Кыргызстанда сиз курактуу адамдардын саны канча экенин дагы билип алыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0