Кыргызстандын кайсы аймагында көмүр арзан. Инфографика

Жазылуу
Кыш жакындаган сайын көмүрдүн баасы көтөрүлөрү бышык. Элдин көбү суук түшкүчө көмүр камдап алуунун камын көрөт. Sputnik Кыргызстан агенттиги аймактарда көмүрдүн баасы канча экенин билип көрдү.

Чекене сатыктагы эң арзан көмүр Балыкчы шаарында. Ал жакта жеткирип берүү акысын эске албаганда бир тонна көмүрдүн баасы 2700-3400 сомдун тегерегинде. Бул тууралуу Экономика министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын маалыматында айтылат.

Кочкор айылында дагы көмүрдүн баасы кыйла төмөн, бир тоннасы 2800-3000 сом деп бааланууда. Эң кымбат көмүр Сүлүктүдө сатылат. Бул аймакта жашагандар бир тонна көмүр алуу үчүн 5-6 миң сом сарпташат.

Ал эми сырттан ташылган көмүрдүн баасы аймактарда ар кандай. Мисалы, Караколдо орточо эсеп менен 5500 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, инфографикада көмүрдүн орточо гана баасы көрсөтүлдү. Көмүрдүн баасы түрүнө жана сатылып жаткан аймагына жараша түрдүү болушу ыктымал.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0