Кыргызстандыктардын ичкен-жегени акыркы 28 жылда кандай өзгөрдү. График

Жазылуу
Көрсө, 90-жылдары кыргызстандыктар азыркыга караганда сүттү жана сүт азыктарын көп жечү экен. Ушундай эле көрүнүш жумуртка менен этке дагы тиешелүү.

Улуттук статистика комитетинин адистери акыркы 28 жылда кыргызстандыктардын ичкен-жегени кандай өзгөргөнүн иликтеп көрүштү. Алар 1990-жылдан 2018-жылга дейре жан башына керектелген орточо азык-түлүккө анализ кылышкан.

Мекеменин маалыматына ылайык, кыргызстандыктардын тамактануусунда нан өзгөрүүсүз калган. Дээрлик 30 жыл мурда бир киши бир айда 10,7 килограмм нан жеп келген болсо, учурда бул сумма дээрлик өзгөргөн эмес. Эл нанды 2004-жылы эң көп жеген. Бул жылы бир кишиге айына 12 килограммга жакын нан туура келген.

Айыл чарба тармагындагы эксперт Дария Тогузбаева. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Радио
Адис уйдун кайсы тукумдары эт, сүткө ылайыктуу экенин айтты
Арак-шарапты ууртап-таткан боюнча да көрсөткүчтөр көп деле айырмаланбайт. Учурда бир айда жан башына 0,1 литр спирт ичимдиги туура келет. Бирок 1991-жылы бул көрсөткүч төрт эсе көп болчу. 2006 жана 2008-жылы ичимдикке ыктагандардын саны бир кыйла жогорулаган.

Ал эми жер-жемиш боюнча көрсөткүчтөр олку-солку болуп турат. Мисалы, 1996-жылы орточо эсеп менен ар бир кыргызстандык төрт килограммдан көбүрөөк жер-жемиш жесе, 2003-жылы бул көрсөткүч алты эсе азайып кеткен. Акыркы жылдары жогорулагандын үстүндө.

Таттуу-тарапаны кыргызстандыктар туруктуу жеп келет. 2003-жылы бир жаран бир айда эки килограммга чейин шекер колдонгон. 2004-жылдан бери бул көрсөткүч туруктуу бойдон сакталып келе жатат.

1990-жылдардын башында кыргызстандыктар эт менен сүттү көп ичип-жеген. Андан кийинки жылдары бул көрсөткүч төмөндөөнүн гана үстүндө болгон. Бирок акыркы жылдары абал турукташып калды. 2018-жылы бир жаранга бир айда эки килограмм эт жана жети килограммдан ашык сүт жана сүт азыктары туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0